Кочкордун тургуну Мээрим Касымова жана анын окуучусу Света Зарылбекова «Достук шаңы» аттуу сынагына катышып, баш байгеге ээ болушту. Сынак Кочкор районунун маданият үйүндө өткөрүлдү.
Мээрим Касымова Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде музыка сабагынын мугалими:
«Биз барган сынак «Достук шаңы 2023» чыгармачыл жаштардын облустук кароо сынагына катыштык. Бул кароо сынакты Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Жаш кыял музыкалык театры биргеликте уюштуруп келе жатат.
Кароо сынактын уюштурулуп келе жатканына быйыл 9-жыл болот. Сынак өзү 8 номинациядан турат. Манас айтуу, дастан айтуу, комуз, вокал, бий номинациялары. Вокал номинациясы боюнча Корчубек Акназаров орто мектебинен Света Зарылбекова катышып баш байгени багындырды. Света Зарылбекова менин колума 5-класста эле келген. Ошондон бери жыл сайын ар кандай райондук кароо сынактарда, жаш таланттарда, «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам», «Жоокер ыры» ушундай сынактарда дайыма баш байгелерди багындырып келет. Сыйлыктары: диплом, статуэтка, республикалык турга чакыруу сертификаты менен сыйланды жана даярдап барган мугалимге ыраазычылык кат берилди».
Баш байгени багындырган Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү мектептебинин окуучусу Зарылбекова Света сынак тууралуу айта кетти:
«Мен кичинекей кезимен эле мектепте, майрамдарда, тойлордо ырдачумун. Кийин эле
7-классыман баштап көптөгөн конкурстарга Касымова Мээрим эже алып чыгып баштаган. Эң биринчи 2021-жылы 6-апрелде Нарын шаарында өтүлгөн «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» сынагынан 4-орунду алгам. Андан кийин 2022-жылы Кочкор районунда өтүлгөн 7-республикалык «Жоокер ыры» сынагынын райондук деңгээлде өткөн «Патриоттук ырлар» номинациясы боюнча 2-орунду камсыз кылгам. Ушул эле жылы 27-мартта Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында өтүлгөн Кочкор таланттарынын «Жаңырган айыл ыргагы, дастаны, күүсү, ырлары» аттуу концертке активдүү катышып, Кочкор райондук маданият бөлүмүнүн атынан ыраазычылык кат тапшырышкан.
Ушул эле жылы 24-февральда жыл сайын өтүлгөн райондогу «Жоокер ыры» аскер-атуулдук ырлардын райондук сынагына «Атуулдук ырлар»номинациясы боюнча 1-орунга ээ болуп Нарынга барып кайрадан эле өтүлгөн «Жоокер ыры» сынагында «Атуулдук ырлар» номинациясы мыкты аткаруучу чеберчилигимди көргөзүп, активдүү катышкандыгым үчүн Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын грамотасы менен сыйландым. Бүгүнкү райондо өтүлгөн «Достук шаңы-2023» чыгармачыл жаштардын облусттук кароо сынагына 1-орунду алып кайрадан «Достук шаңы-2024″ чыгармачыл жаштардын эл аралык кароо сынагына акысыз катышууга сертификат жана статуэтка беришти буюрса 2024-жылы барабыз. Мен жыл сайын көптөгөн ийгиликтерге жетишип, мектебимдин атын чыгарып келе жатам, дагы да көптөгөн ийгиликтерге жетишип, алдыга койгон максаттарым кыялдарым бар. Мен алардын орундалышына баардык күчүмдү жумшайм мындан да жакшы өсүп өнүккүм келет. Буюрса кыргыз элине эле эмес дүйнө жүзүнө таанымал ырчы болгум келет».
Айчүрөк Сапаркулова