Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын маданият үйүндө окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге жана айыл тургундарына «Үй-бүлөдөгү китеп окуу маданияты» аттуу семинар өтүлдү. Бул семинарды жеке ишкер меценат Оттук айылынын тургуну Дуулат Узакбаев жана «Bugupress» жетекчиси «Баластан» интерактивдик журналынын негиздөөчүсү, агартуучу Жаныбек Абидетегин өттү.


Семинардын жүрүшү
Оттук айылынын тургуну меценат Дуулат Узакбаев Оттук, Казан-Куйган айылдарынын китепканаларына 100 китеп белекке берилгенин айтат:
«Бүгүн айылыбыздын китепканасына кыргыз тилине которулган ар кандай жанрдагы 100 китеп алып келип тапшырдык. Баарыбыз китеп окуп, ой-жүгүртүүнү өстүрүү, алдыга туура максат коюу керектигин түшүнүшүбүз керек.»

Дуулат Узакбаев
Китеп окуу маданиятын өнүктүрүү тууралуу Жаныбек Абидетегин төмөнкүлөргө токтолду:
«Ар бир өнүккөн коомду жакшы цивилизацияны өнүктүргөн бул китеп окуу билим алуу. Ошондуктан биз кыргыз коому китеп окуу маданиятын өнүктүрүү үчүн эл аралап жайылтып жүрөбүз. Бул маданият өнүккөндө гана биз экономикалык жактан да, ар кандай ачылыш жактан да өнүгөбүз».

Жаныбек Абидетегин
Сабыркүл Ибраева семинарга барганына өкүнбөгөнүн айтат. Ал жайкы эс алуу күндөрүн балдары менен китеп окууну пландап жатат.
«Бүгүнкү семинар абдан жакшы болду. Барганыма өкүнгөн жокмун, тескерисинче мага пайдасы тийди десем болот. Эми жайкы каникулда балдарым менен биргеликте китеп окуйм. Жеке ата-энелер үчүн окуй турган китеп бул Гапыр Мадаминовдун китеби экенин түшүндүм. Ал китепти буюрса сөзсүз окуйм. Бүгүнкү уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем»,-дейт Сабыркүл Ибраева.


Келген конокторго ыраазычылык кат тапшыруу учуру
Семинардын соңунда Оттук, Казан-Куйган айылдарынын китепканаларына атайын даярдалган китептер белекке берилди. Азыркы тапта адамдардын көбү санарип технологияларга байланып калгандай. Санарип технологияларды адамдар туура пайдаланышса, анын пайдасы көп. Бирок муну менен катар сөзсүз китеп окуу маданиятын да өнүктүрүү керек.
Баяна Кадырбекова