24-майда жааган кар аралаш жаан бир топ түйшүктү алып келип, тоодогу малчылар койлорун тоодон айдап түшүүгө аргасыз болушту. Быйыл жылдагыдан оор аба ырайы катталууда.
Тоолорго кар түштү
Кар аралаш жаан көптөгөн адамдардын ишин үзгүлтүккө учуратты. Мисалы: тоодогу малдар айылга түшүүгө аргасыз болуп жатышат, үрөндөр себилбей калды. Жерлерде кыяндар жүрүп, адамдарга түйшүк жаратып жатат.
Мурат Абдилов
Чабан Мурат Абдилов төмөнкүлөргө токтоло кетти:
«Мен Бортартар жайлоосунда турам. Тоодо кар жааганына байланыштуу айылга түшүп келе жатабыз. Себеби, малдарыбыз ачка жана жайлоодо көк чөп жок. Бул көйгөй жалпы элдин көйгөйү деп айтсам жаңылышпайм. Эл мал деп жашап жаткандан кийин элдин малын так багып берүү чабандардын милдети. Кызартка кар калың жаады. Жылдагыдан быйыл оор. Жаан жаабагандыктан жайыт такырланып кеткен. 4-5 жыл мурун дагы ушундай учур болгон. Ошол учур кайрадан кайталанып жатат. Биз малдарды Чолпон айылына айдап бара жатабыз. Ошондой эле бүгүн айыл өкмөт менен жайыт комитети болгон малыңарды түшүргүлө деп кыдырып жүрүшөт. Негизинен Кызартта бардык чабандар айылдарга көчүп жатышат».
Кызарт жайлоосунан келе жаткан койлор
Сыргак Үсөнов
Чолпон айылынын тургуну Сыргак Үсөнов: «Жакында жааган кар аралаш жаан көп түйшүктү алып келди. Анткени себели деп жаткан эгин себилбей калды. Жер суу болуп эгин себүүгө мүмкүн эмес. Биз болсо үрөөндү талаага алып келип койгонбуз. Ал эми тоолорго кар жаап, малдын баары кайрадан айылга келип жатат. Тукумга мал тийбесин деп, минтип кайтарып жатабыз. Эми күн ачылса себүү иштери уланат».
Себиле турчу үрөөндөр
Асема Сүйүндүкова