Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын маданият үйүндө Абдылда Иманкуловдун жана Нарынбек Молдобаевдин «Абысындар» аттуу концертти болуп өттү. Концерт кечки саат 21:00дө башталып, 23:00дө аяктады.
Күлкү ден- соолуктун мүлкү демекчи айылыбызга келген куудулдардан бүгүнкү ойногон сатираларына күлбөгөн адам калбады. Куудулдар беш сатира ойноп, арасында ырларды ырдашты. Залга киши толуп кызыгуу менен көрүштү. Өзгөчө сатира ойнолуп жаткан учурда.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абдылда Иманкуловдун айтуусунда: «Биздин Чолпон айылына концерт коюп келишибиздин бирден бир себеби, бул клубдун жетекчиси Нургул Рахманкулова чалып, келип коюп берүүбүздү сураганынан келип отурабыз. Биз бул аталыштагы концертибизди жер кыдырып коюп келебиз. Негизинен облустун шаарларына же райондорунун маданият үйлөрүнө гана коёбуз. Чолпон эли көп болгон үчүн, клубу чоң жана жакшы болгон үчүн дал ушул айылдардын ичинен Чолпонго келдик».
Көрүүчү Кылымбек Айдралиев: «Бүгүнкү концерт мыкты деңгээлде өттү. Баарыбыз күлүп, жакшы убакыт өткөрдүк. Куудулдардын тамашаларына жеке эле Чолпон айылынын тургундары эмес Молдо Кылыч, Ара Көл айылынын жашоочулары келип күбө болушту. Айыл жергесине дал ушундай концерттердин болушу адамдардын көңүлүн аз да болсо көтөрөт».
Асема Сүйүндүкова