Асел Байбагышева – Кыргызстандын Эверестти багынткан алгачкы айымы. Бул жетишкендикке 54 саатта, 54 жашында жетти. Кесиби боюнча бухгалтер, бирок жүрөгү тоолорго тарткан Асел Байбагышева 9 жылдан бери альпинизм менен машыгып келет.

2024-жылы Жеңиш чокусуна чыгып келгенден кийин белгилүү альпинист Кадыр Сайдылкан ага: «Эгер кыргыздан биринчи айым Эверестке чыкса жакшы болмок» деген сунушун айтат. Асел бул сунуш тууралуу бир күн ойлонуп, макулдугун берген.
«Мен үчүн бул жөн гана альпинизм эмес болчу. Бул миссия эле», — дейт ал. «Кыргыз айымдарынын үнү Эверестте жаңырсын дедим. Ошондуктан чыгышым керек болду. Бул жеңиш жалгыз менин эмес, бүтүндөй кыргыз элиники, кыргыз айымдарыныкы», — деп кошумчалайт Асел Байбагышева.
Эверестке чыгуунун алдында ал жума сайын Ала-Арчадагы Мугалим чокусуна чыгып машыгып турган. Эки ай калганда жумасына эки жолу чыгып, 3500 метрде түнөп, 4500 метрде акклиматизация жасаган. Бул аракеттер анын эң чоң максатына жетүүсүнө өбөлгө болду.

9-майда саат түнкү 3тө сапарын баштап, 11-майда саат 9:15те чокуга жетти. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү ага тез чыгууга түрткү болду. «Рекорд жаратайын деген оюм жок болчу. Болгону аба ырайы ушундай мүмкүнчүлүк берип калды», — дейт ал.
Бул сапарында биринчи жолу кислороддук маска колдонуга туура келди. Масканин кесепетинен тамагы кургап, өзүн ыңгайсыз сезген, чокуга чыгуудагы кыйынчылыктарынын бири кислороддук маска болгон. Ошентсе да кыйынчылыктардын баарынан өтүп, чыдамкайлыгы менен чокуга жетти.
«Социалдык тармактардагы билдирүүлөр жүрөгүмдү аябай жибитти», — дейт Асел. Тоонун чокусуна чыгып, айланага көз чаптырганда өзүңдү ушунчалык эркин жана күчтүү сезесиң.
Альпинизм анын жашоосун өзгөрттү. «Айланамдагы адамдар, достор, мамилелер да башкача болуп калды», — деп, Асел Байбагышева өзүнүн жан дүйнөлүк өсүүсү менен да бөлүштү.
Айпери Марлесова