Токтогул районунда жаңы кадрдык дайындоо болуп, Уч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бурулай Исабаева дайындалды.

Жаңы кызматка киришкенге чейин Бурулай Исабаева аталган айыл өкмөт башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

Бул дайындоо мамлекет башчысынын гендердик саясатты колдоо, аялдардын мамлекеттик башкаруудагы катышуусун кеңейтүү жана жетекчилик кызматтардагы ролун жогорулатуу багытындагы демилгелеринин алкагында ишке ашырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аялдардын лидерлигин колдоо программасына ылайык, 2030-жылга чейин өлкө боюнча 409 айыл өкмөт башчыларынын арасында аялдардын үлүшүн көбөйтүү максатталган. 2022-жылы республика боюнча аял жетекчилик кылган айыл өкмөттөрдүн саны 12ни (же 2,9 пайызды) гана түзсө, кийинки жылдары бул көрсөткүчтөрдү жогорулатуу багытында иштер жүрүп келет.
Даярдаган: Азема Сабырбековна