Токтогул шаарын жетектеп, калктын социалдык-экономикалык турмушун жакшыртууга салым кошуп келген Бекмамат Бактыбеков өз каалоосу менен ээлеген кызматын өткөрүп берди. Ал башка жооптуу кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Токтогул шаарынын мэри кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган.

Анын кийинки кесиптик жолун Манас шаары менен уланмай болду. Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаиловдун тиешелүү буйругу менен Бекмамат Бактыбеков Манас шаарынын мэринин коммуналдык чарба боюнча орун басары кызматына дайындалды.
Манас шаардык мэриясы жаңы жетекчини кызматка кабыл алуу учурунда ага ийгиликтерди каалап, шаардын коммуналдык чарба тармагын өнүктүрүүдө жана инфраструктурасын чыңдоодо анын топтогон тажрыйбасы чоң мааниге ээ болорун белгилешти.
Токтогул шаарын башкарган мезгилде бир катар маанилүү инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышкан. Бекмамат Бактыбеков өзүнүн көп жылдык тажрыйбасын жана кесипкөйлүгүн Манас шаарынын коммуналдык чарбасын өнүктүрүүгө жумшамакчы.
Даярдаган: Азема Сабырбекова