Ар бир билим берүү мекемесинин өзүнө гана таандык жакшы салттары болот. Корчубек Акназаров атындагы мектепте ошондой салттардын бири – бүтүрүүчүлөрдүн өз мектебине эстелик катары мөмөлүү дарактарды отургузуп, жашыл мурас калтыруусу.

1979-жылы туулган бүтүрүүчүлөр 20 жылдык жолугушуусунда мектепке белек катары жемиш бактарын отургузушкан. Арадан жылдар өтүп, ал көчөттөр мөмө берип, бүгүнкү күндө окуучулар менен мугалимдерди кубантып келет.
Убакыттын өтүшү менен айрым дарактар куурап калгандыктан, бул жакшы салтты улантууну 1997-жылы туулган бүтүрүүчүлөр колго алышты. Алар 10 жылдык жолугушуусунун алкагында мектептин бакчасына жаңы көчөттөрдү отургузуп, куураган дарактардын ордун толукташты.

Жалпысынан мектеп аймагына 70 түп «Превосход» сортундагы алма, 20 түп өрүк (абрикос) жана 10 түп алмурут көчөтү отургузулду.
Бул демилге бүтүрүүчүлөрдүн өз мектебине болгон урмат-сыйын, ыраазычылыгын жана келечек муундар үчүн пайдалуу иш калтырууга болгон аракетин айгинелейт. Бүгүн тигилген ар бир көчөт – мектептин көрктөнүшүнө жана экологиялык чөйрөсүнүн жакшырышына кошулган баалуу салым.


Мектеп жамааты билим уясынын өнүгүшүнө жана көрктөнүшүнө салым кошкон бардык бүтүрүүчүлөргө терең ыраазычылык билдирет. Жакшы тилек менен тигилген жаш көчөттөр тамырын бекем жайып, мол түшүм берип, келечек муундарга кызмат кыла берсин.

Даярдаган: Гүлира Сатарова