Токтогул шаарынын мэри болуп буга чейин Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келген Рамис Өмүрканов дайындалды.Жаңы дайындалган мэрди Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Урматбек Самаев шаар мэриясынын эмгек жамаатына расмий тааныштырды.

Аким жаңы жетекчи алдыга коюлган милдеттерди жоопкерчилик менен аткарып, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга жана мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.
Өз кезегинде Рамис Өмүрканов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, мыйзамдуулукту, ачык-айкындыкты жана жоопкерчиликти ишмердүүлүгүнүн башкы принциптери катары карманарын белгиледи.

Өмүр баяны
Рамис Өмүрканов 1984-жылдын 30-майында Бишкек шаарында төрөлүп, Токтогул районунун Саргамыш айылында чоңойгон.
Ал Бишкек мамлекеттик университетин «Экономика жана ишкердик» адистиги боюнча аяктаган. Адистиги – экономист-эсепчи.
Үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси. Ата-энеси өмүр бою мугалим болуп эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда. Өзү үй-бүлөлүү, беш кыздын атасы.

Үй-бүлөсү: Үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси. Ата-энеси мугалимдер — атасы физика, апасы орус тили сабагынан мугалим болуп эмгектенишип, учурда ардактуу эс алууда (пенсияда). Өзү үй-бүлөлүү, беш кыздын атасы.

Эмгек жолу
2008-жылдан тартып Саргамыш айыл өкмөтүндө экономист-статист болуп эмгек жолун баштаган.
Кийин төрт жыл эсепчи-бухгалтер, үч жыл башкы бухгалтер болуп иштеген.
2015–2024-жылдары Саргамыш айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалаган.
2024-жылдын ноябрь айынан тартып Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.


Алдыдагы негизги багыттар
Жаңы мэр алгачкы күндөрдөн тартып шаар тургундарын түйшөлткөн бир катар маселелерге артыкчылыктуу көңүл бурарын билдирди.
Анын айтымында, биринчи кезекте жер көчкүнүн кесепетинен жаралган таза суу көйгөйүн чечүү, шаар ичиндеги жолдорду оңдоо жана иретке келтирүү, Президенттин колдоосу менен курулуп жаткан төрт ири социалдык объекттин курулуш иштерин сапаттуу аяктоо, ошондой эле шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
«Эң негизги максатым — биринчи кезекте мамлекетибизге, кайсы жерде болсом ошол жердин элине адал кызмат кылуу. Район акими Урматбек Самаевдин жетекчилиги астында Токтогул шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, көрктөндүрүүгө жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон бардык мүмкүнчүлүгүмдү жумшайм», — деди Рамис Өмүрканов.
Даярдаган: Азема Сабырбековна