Нарын районуна караштуу Ө. Токтосунов атындагы орто мектебине “Манас” эпосу боюнча 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдөн белекке китеп берилди.
2025- жылдын 26- майында Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин 2005-жылкы бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык мааракесин белгилеп, мектепке китеп тапшырышты.
Китептер
Китептер
Бул боюнча мектеп директору Н. Кадырова төмөнкүлөргө токтолду:
”Бул күн 20 жылдык бүтүрүүчүлөрүбүз үчүн өзгөчө күн болду деп ойлойм. Себеби мектепти аяктагандарына 20 жыл толуп, балалык чактагы алтын күндөрүн эскерүү мүмкүнчүлүгү жаралып атат. Ошону менен бирге биздин бүтүүчүлөр тарабынан мектеп окуучулары үчүн чоң жардам болуп отурат. Бизге Сагымбай Орозбаковдун вариантында томдук топтомдор, “Сагымбайдын манасы» аттуу Рыспай Исаковдун китептер топтому, “Манас” эпосунун түшүндүрмө сөздүгү аттуу китептер келди. Биз балдарды “ Манас таануу “ интеллектуалдык таймашына даярдаганда, “Манас” эпосу боюнча китептерибиз аз болгондуктан кыйналчубуз. Буюрса эми бул китептер менен кийинки окуу жылында “ Манас таануу” интеллектуалдык таймашына даярданып катышабыз.
Ата- бабалардан калган мурас, улуттук сыймыгыбыз болгон “ Манас” эпосу боюнча китептер топтому мектептин китепканасына тапшырылды. Бул белек окуучулардын руханий байлыгын арттырууга, патриоттук тарбия алууга жана кыргыз элинин маданиятын терең өздөштүрүүгө өбөлгө болот деп ишенем.
Андан сырткары 20 жылдык биздин бүтүрүүчүлөр “Манас таануу” интеллектуалдык таймашына катышкан 3 окуучубузга, мугалимине мотивация болсун деп акчалай сыйлыктарды тапшырышты.
Бул сыйлык балдарыбыз үчүн стимул болуп калды. 20 жылдык бүтүрүүчүлөрүбүзгө өзүмдүн атыман, жалпы мектеп жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдирем”
20 жылдыктар
2005- жылкы бүтүрүүчүлөр
20 жылдыктар
Сөз сүйлөө учурлары
Белек тапшыруу учуру
20 жылдык бүтүрүүчүлөр “Акыркы коңгуроо” аземине катышып мугалимдерге терең ыраазычылык билдиришип, мектепте алган тарбия жана билим турмуштагы ийгиликтерге жол ачканын белгилешти.
Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө, мектеп жамаатына да ыраазычылык билдирип , каалоо тилектерин айтышып, эже- агайларга , мектепке даярдап келген белектерин тапшырышып кайтышты.
Алия Алымкулова