Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебине 43 жылдык жолугушууга келген 1982- жылкы бүтүрүүчүлөрү тарабынан алгылыктуу иштер жасалды.
Жумушчулар иштеп жаткан учур
Бул боюнча 43 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн берген маеги:
«Мен Турдакунов Конокбай Дөбөлү айылынын тургуну болом. Ушу мектепти бүткөнүбүзгө 43 жыл болуптур. Былтыр бизге 1982- жылкы бүтүрүүчүлөр таттуу-тарапа кылып 1964 жылкы бүтүрүүчүлөр “куржунду” бизге өткөрүп берген. Алар былтыр мектепке “ Акылдук коңгуроону”койуп чоң салымын кошушкан. Андан кийин бизге өткөрүп беришти. Биз классташтар , сүйлөшүп, кеңешип Өмүр Токтосунов бурчун, сүрөттү, мектептин аты жазылган жерди кафелдеп жаңыртып жасап берип атабыз. Быйыл кайра 1966 — жылы төрөлгөн 84- жылкы бүтүрүүчүлөргө өткөрүп беребиз. Бул жылыга өткөрүлүп берип турган эстафета сыяктуу болуп калды десем жаңылышпайм. Муну менен биз аз да болсо бүтүп кеткен мектебибизге салым кошуп жатабыз. Ал эми келечек муунга айтар сөзүм :Жаштар мектепте жакшы тарбия алып, жакшы окуп, окуусун ийгиликтүү аяктап чыгышса деген тилек. Ушундай иштерди жасап,мектепке салым кошуп туруу жакшы деп ойлойм.”
1983- жылкы бүтүрүүчү Мамырбаев Бейшен:
«Мен Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде завхоз болуп иштейм. Жылыга мектепке кичине да болсо жардам берүү “ куржун” узатуу салт болуп калыптыр. Куржун деп жылдан жылга өтүп келе жатат. Мурда биз окучубуз азыр биздин неберелер окуп атат. Колубуздан келишинче ар жылы жардамыбызды аябай берип турсак, бул биздин келечек муун үчүн билим , тарбия алуусуна чоң өбөлгө болот деп ойлойм.»
Бүткөн учуру
Бүткөн учуру
Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин директору Кадырова Назгул Калыковна:
«Биздин агаларыбыздын мектеп үчүн берген жардамы кийинки муунга , окуучуларга мотивация болот дейм. Эң биринчиси бул мектепке кирип келип жатканда көрк болуп, мектептин эстетикалык жагынан караганда азыркы замандын талабына жараша жасап берип жатышат. 1965 жылкы байкелерге терең ыраазычылык билдирем, булар 45 жыл дагы эмес, 50 жыл дагы эмес , белгилүү дата эмес , бирок мектеп үчүн өздөрү чоң бир өбөлгө кылып, жардам кылып жатышат. Алардын ичинде эң чоң дизайнер биздин Кыргыз Республикасына түгүл, сыртка да белгилүү болгон Кысамединов Доктурбек байкебиз бар арасында. Ошол адамдын дизайны менен иштелип, жасап жатышат. Бул демилгени колдойм, мектеп үчүн, келечек муун үчүн биз эч аянбай жардам беришибиз керек»- деп ойлойм.
Айпери Курманбаева, Аяна Жумаева