Дөбөлү айыл өкмөтүнө жаңы экскаватор алынып келинди. «Теңир-Тоо» фонду аркылуу каржыланган, Hyundai 150 үлгүсүндөгү заманбап экскаватор муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо максатында алынып келинген. Бул ири иш айыл өкмөтү жана «Ак-Бел» муниципалдык ишканасы тарабынан демилгеленип, атайын жазылган долбоордун алкагында ишке ашкан.
Долбоордун жалпы наркы 14 000 000 сомду түзүп КР сатып алуулар порталына жарыяланган, ишкер тарабынан 12 875 000 сомго бааланды, 1 000 000 (бир миллион) сом — «Ак-Бел» муниципалдык ишканасынын өздүк салымы катары каралып (кыскача айтканда элдин салымы), калган 11 875 000 сом акча каражат «Теңир-Тоо» фондунун колдоосу менен каржыланган.
Экскаватор
«Ак- Бел» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Шеримбаев Нурбек Шабданбековичтин айтымында :
«Бизге жаңы экскаватор келип жалпы кубанып жаткан учурубуз. Буюрса бул техника менен таза суу үчүн эскирген суу түтүктөрүн алмаштырууда, айылдагы жайыттарга кеткен жолдорду калыбына келтирүүдө, сугат каналдарын тазалоодо жана эл керегине жараган ар кандай техникалык иштерде чоң жардам бере турган ишенимдүү техника болуп кызмат кылат деп ишендирип кетебиз. Жаңы техниканын келиши менен айыл элинин жашоосу жеңилдеп, айыл чарба жана инфраструктуралык иш-аракеттер натыйжалуу жүрөт деген ишеним артууда.»
Экскаватор айыл өкмөтүнүн алдына токтотулуп, жергиликтүү аксакалдар жана тургундар тарабынан бата тиленип, ак жол каалоо менен кабыл алынды.
Бул маанилүү кадам айыл өкмөтүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, калктын муктаждыктарына ыкчам жооп кайтарууга шарт түзөт.
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович жана “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын жамааты, долбоордун ийгиликтүү ишке ашышына көмөктөшкөн “Теңир-Тоо” фондусуна жана бардык колдоочуларга терең ыраазычылыгын билдирип өтүштү.
Эрбол Сагынов