Күтүлбөгөн табият кырсыгынан улам, Токтогул шаарына караштуу Арал айылынын Кызыл-Жылга, Боз-Жылга участкаларына кыян жүрүп, кыяндын кесепетинен Куйбышев жана Кара-Жыгач каналдары жабыр тарткан.

Токтогул шаарынын Арал, Бала-Чычкан айылдарында катуу жаандан улам келген селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.
Нөшөрлөгөн жаандан улам Токтогул шаардык мэриясына караштуу Арал, Бала-Чычкан айылдарына сел келип, аталган айылдардан өтүүчү Куйбышев, Кара-Жыгач каналдарын олуттуу зыянга учуратты. Тилсиз жоонун кесепетинен улам кум, шагыл,топурак жана таштандылар толуп калган каналдарды оор техникаларды колдонуу менен тазалоо иштери жүрүп жатат.

Селдин кесепетинен келип чыккан жагдайды тез арада чечүүдө Токтогул РМА, Токтогул шаардык мэриясы, УОЗ ишканасы, Арал, Бала-Чычкан айылдарынын жамааты жана эң негизгиси аталган айылдардын айыл башчысы Айылчы Тынарбековичтин ыкчам аракеттерин баса белгилеп кетүү керек.

«Селдин кесепетинен келип чыккан жагдайды тез арада чечүүдө Токтогул РМА, Токтогул шаардык мэриясы, УОЗ ишканасы, Арал, Бала-Чычкан айылдарынын жамааты түндү-түн дебей, күндү-күн дебей техникалардын башында туруп 4 же 5 күндө бүтө турган жумушту 2 күндүн ичинде бүтүрүштү. Дагы кошумчалай кетчү нерсе биздин ДЭУ ишканасынын жетекчилерине чоң рахмат техниканы өз убагында беришип, техника менен көп иштерибиз бүтүп каналдар тазаланып, арыктар жергиликтүү элдин көмөгү менен тазаланып жатат, себеби ал жерге техникалар бара албайт. Жалпы элдин биримдиги жана ынтымагы менен иштер тез арада бүткөрүлүп айыл элин суугат суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө»- деп билдирди Айылчы Тынарбекович.
Даярдаган: Дилде Таалайбекова