Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Ак-Талаа

Акталаада Нооруз майрамы зор салтанат менен белгиленет

Ак-Талаа районунун борбору  Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында 21-март  күнү Нооруз майрамына  карата иш чара өтөт.

Акталаада «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» сынагы өттү

Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө  “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам”- аттуу сынак болуп, анда вокал, хореография, жана улуттук аспапта ойноо номинациялары боюнча жалпы 125 окуучу өнөрүн тартуулады. Сынактын жобосуна …

Акталаада «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү

Бүгүн Ак-Талаа райондук К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын райондук баскычы өтүп, ага 30 команда катышты. РБББнүн усулдук кабинетинин башчысы Чынар Сатындиеванын айтымында сынак манасчы Сагымбай Орозбаковдун …

Акталаада агартуу тармагынын маселелери талкууланды

Ак-Талаа районундагы Э Карасартов атындагы жалпы билим берүү мектебинде  билим берүүгө арналган кеңешме өтүп, ага  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, айыл өкмөт башчыларынын орун басарлары, мектеп, бала бакча жетекчилери …

Акталаада Туу жана Ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн Ак-Талаа районунда Мамлекеттик Туу жана Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш өтүп, ага район жетекчилиги баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Акталаада мугалимдер жазгы каникулда кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүдө

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде мугалимдер үчүн кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү үчүн ар кандай тренингдер өтүлүүдө.

Нарын дарыясынын жээгинде кооптуулук жараткан тилкелердин долбоору даярдалат

Кечээ  КРнын  Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор У.Шамырканов иш сапары менен  Ак-Талаа районунда  болуп, Нарын дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелери менен таанышып кайтты.

Окуучулар интеллектуалдык акыл таймашта билим сынашты

Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде окуучулар арасында «Megamozg Cup» интеллектуалдык акыл таймашы өтүп, ага райондогу  9-11-класстын окуучуларынан  турган 6 команда катышты.

Ак-Талаада 43 үй-бүлөгө 43 тонна көмүр таратылды

Ак-Талаа районунда  “Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан   аз камсыз, шарты оор, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой  энелерге  1тоннадан көмүр таратылды.

Акталаада туризмди жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча семинар өттү

Ак-Талаа районунда ишкерликти  жана туризмди өнүктүрүү максатында атайын семинар уюштурулуп, ага райондук жана  облустук өнүктүрүү фонддорунун жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондо айыл чарба, мал чарба тармагында иш жүргүзгөн ишкерлер …

Ак-Талаа районунун фермерлери “Агро-диалог-2026” иш-чарасында чемпион аталды

Ак-Талаа районунун эки тургуну айыл чарба тармагы боюнча Бишкекте өткөрүлгөн “Агро-диалог-2026” иш-чарасында чемпион болушту. Тактап айтканда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чарада Үгүт …

Акталаада жаш комузчулардын сынагы өттү

Ак-Талаа районундагы  Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинде комуз чертүү сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.Аталган мектептин комуз ийриминин башчысы Кундуз Карагулованын айтымында, жогорку класстын окуучулары арасында «Комуз күүсү — муундардын мурасы» …

Экономикалык кербендин алгачкы сапары Акталаада

Бүгүн Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө КРнын Нарын дубанынын башчысы Нурбек Сатаров «Экономикалык кербен» долбоорунун алкагында Ак-Талаа районунун тургундары, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары  менен жолугушту.

Акталаанын Тоголок Молдо аймагында сулуулар сынагы өттү

Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагын караштуу Жаңы-Талап айылындагы Т.Ибраимов атындагы  маданият үйүндө   «Ак Мөөр-2026» сулуулар сынагы өтүп,ага 14 жаштан 17 жашкачейинки кыздар катышты. Маданият үйүнүн башчысы Миргүл Абылгазиеванын айтымында …

Советтик акыркы жоокердин Афганистандан чыгарылып кеткенине 37 жыл толду

Бүгүн Ак-Талаа районунда советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага афган ардагерлери, бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Кышкы фестивалда Акталаа бозосу даңазаланды

Кечээ Нарын облусунда 3 күндүк пресс-турдун алкагында Нарын районунун Салкын-Төр жаратылыш паркында “Бозо фестивалы” өттү. Бул фестивалга Ак-Талаа районунун чеберлери тарабынан улуттук суусундук болгон бозону даярдоо процесси кеңири көрсөтүлүп, конокторго …

Ак-Талаада рак илдетинин көрсөткүчү: 202 учур катталып, 56 бейтап каза болгон

Жамийла Акирекова жакындан бери Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда рентгенолог жана онколог дарыгер болуп эмгектенүүдө. Ал рак ооруларынын себептери, дарылоо жолдору жана райондогу учурдагы абал тууралуу маалымат берди.

Ак-Талаа: Башталгыч класстарынын мугалимдери ноутбук алышты

Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү мектептердеги башталгыч класстарынын 181 мугалимине “Алтын казык” программасынын алкагында ноутбуктар тапшырылды. Анда “Санарип кампа” платформасы, окуу программасы, пландар, электрондук китептер ж.б. башкача айткандар мугалимдер жана …

Ак-Талаа: Республикалык олимпиаданын II баскычы өтүүдө

Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук II баскычы старт алып, ага райондогу 18 мектептен жалпы 338 окуучу 10 предметтен билимдерин сыноодо.

Быйыл Ак-Талаа районунун 90 жылдык мааракеси өтөт

Быйыл Ак-Талаа районунун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Мааракени уюшкандыкта өткөрүү боюнча район жетекчилигинин кеңешмеси өтүп, анда айыл өкмөт башчыларына, мекеме жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...