Быйыл Ак-Талаа районунун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Мааракени уюшкандыкта өткөрүү боюнча район жетекчилигинин кеңешмеси өтүп, анда айыл өкмөт башчыларына, мекеме жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди.
Мындан сырткары райондун акыркы он жылдагы саамалыктары менен жаңыртылып, энциклопедия кайрадан иштелип чыгат. Бул боюнча редакциялык кеңеш түзүлдү.

Маалыматтарга караганда 90 жылдык маараке үстүбүздөгү жылдын жай айларында өткөрүү мерчемделүүдө.
Ак-Талаа районунун кыскача тарыхы:
Ак-Талаа району Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан, тарыхый мурастарга бай, ошол эле учурда республиканын эң алыскы, климаттык шарты катаал аймак. Райондун аймагы деңиз денгээлинен 1170метрден 4037 м. бийиктикте жайгашкан. Кыш узак болуп, 6-7 айга чейин созулат жана кар көп түшөт, жайы мелүүн жылуу. Райондогу 18 айыл АТРден кийин 4 айыл аймакка бириктирилген. Борбору Баетов айылы. Район 1936-жылга чейин Тогуз-Торо району менен биригип, Тогуз-Булак деп аталып, борбору Дөрбөлжүн айылы болгон. Райондо Ак-Талаа жана Тогуз-Торо айылдык кенештери түзүлгөн. 1936-жылы 2-сентябрда Ак-Талаа айылдык кенешинин атынан Ак-Талаа району болуп, өз алдынча район катары уюшулган.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова