Ак-Талаа районундагы ветеринарлар кесиптик майрамын белгилешти. Майрамга арналган жыйын Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясында өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Бүгүн “Менин ийгилигим” долбоорунун алкагында насыяны максаттуу пайдалануу тууралуу сүйлөшөбүз. Анда алгач насыя эмне экендигине токтололу.
Бүгүн Баетов айылында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата иш-чаралар өтүлдү. Иш чараны Баетов айыл аймагы уюштуруп, ал Э. Карасартов мектебинин окуучуларынын ыр бийлери, эскерүүлөрү менен коштолду.
Ак-Талаа районунун аймагындагы орто мектептердин 10-классынын окуучулары арасында Чыңгыз Айтматовду таанытуу, чыгармаларын даңазалоо, маанисин аңдап-түшүнүү максатында дилбаяндар сынагы болуп өттү. Ага жалпы 39 окуучу катышып, “Чыңгыз жана Мен” деген темада 60 …
Баетов айылында жакында китеп дүкөнү ачылып, кызмат көрсөтө баштады. Бул китеп дүкөндө окуучуларга керектүү китептер алынып келинген.
Ак-Талаа районуна биринчи жолу элге кызмат көрсөтүүчү «Ашар» кызматы ачылды. Алар айыл тургундарынан кызмат акы алып, ар кандай жумуштарын аткаратып, кызмат көрсөтөт.
Бруцеллёз ылаңдаткычы эң майда микробдор болуп эсептелет. Бруцеллёз менен көбүнчө бодо мал, кой-эчки, чочко, топоз, жылкы, буйвол, төө, ит-мышык жана башка жаныбарлар ылаңдайт.
1986-жылдын 26-апрелинде Украина ССРинин Чернобыль шаарынын аймагында жайгашкан атомдук электр станциясындагы болгон жарылуу ири калктуу өлкөнүн зор аймагын радиоактивдүү булгануусуна, уулануусуна, химиялык жактан талкалануусуна алып келген.
Нарын областы боюнча мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлүп жаткан биометрикалык каттоо жүргүзүлүүдө. Буга Ак-Талаа районунун баардык 18 айылынын информатика сабагынын мугалимдери барып бир сааттык сабак алып келишти. Анда ар бирине бирден …
Адам баласы алгачкы жолу космоско учкан жылдан бери 55 жыл өттү. Мына ушуга байланыштуу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 12-апрель космонавтика күнү белгиленди.
Ак-Талаа районунда мугалимдер арасында кароо-сынак эки айлампа менен өтүп, ага жалпы 15 орто мектептин мугалимдери катышты. Ал эми финалдык турунда 5 мектептин мугалимдери үч тапшырма боюнча күч сынашты.
Райондогу орто мектептердин окуучулары аралык спартакиада бул жолу үч өрөөндө бир эле учурда Н. Жыргалбекова, Ж. Сатылганов жана Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектептеринде өткөрүлдү.
Адинай Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу. Ал азыркы убакта орус тилинде ыр жазат. Анын көптөгөн чыгармалары бар.
Баетов айылынын тургуну Мамбетова Ырысбү учурда 5000 сом пенсиясы менен уул-келинин жана 9 небересин багып келет. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып жумушсуздук үчүн берилчү жөлөк пул да кыскарып калган. Апанын …
Баетов айылындагы Ажиев айылдык клубунда райондогу башталгыч класстын мугалимдеринин катышуусуунда аталган долбоорду жыйынтыктоо семинары болду. Анда мугалимдер жыл ичинде долбоордун алкагында жасаган иштери, жетишкен ийгиликтер, долбоордун пайдалуу жактары жөнүндө пикир …
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими Г. Какаева элдик революция тууралуу көркөм баяндама жазып, аны бүгүн мугалимдерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тартуулады.
Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 7-апрелге арналган таланттуу окуучулардын кыл калеминен жаралган сүрөт көргөзмө ачылды. Анда окуучулардын аталган күнгө байланыштуу сүрөттөрү коюлду.
Аталган иш-чара “Тарбия жакшысы — ата-эненин бактысы” деп аталып Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинде өттү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, ата-энелер катышты.
Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлбарчын Мамытбекова “Тарых жана маданият жылына” жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын эки жылдыгына арналган мугалимдердин республикалык кароо-сынагында “Даанышман мугалим” номинациясында 1-орунду жеңип алды.