Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 2-корпусу КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана жана инвестициялоо агенствосунун (АРИС) «Жылуулукту камсыздоо» долбоорунун алкагында капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Мына ушуга байланыштуу өткөн жыйында долбоорду ишке ашыруудагы түзүлгөн долбоордук сметалык документтер талкууланды.
Жыйынга АРИСтин аталган долбоор боюнча өкүлдөрү, агенствонун Нарын облусу боюнча координатору Талант Рысбаев, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын адистери, жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Азамат Дүйшөналиев эмгек жамааты менен катышты.
Долбоордун инженери Нурлан Ниязбеков жана экология боюнча коопсуздук адиси Улан Чокоев долбоордун сметалык документтери менен тааныштырды. Андан соң райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун эмгек жамаатынын сын-сунуштарын угуу менен долбоордук сметалык документтер бекитилди. Өкүлдөр эми тендер жарыялана тургандыгын билдиришти.
АРИСтин Нарын облусу боюнча координатору Талант Рысбаевдын айтымында бул долбоорго Нарын облусу боюнча кирген эки обьектинин би ри-райондук оорукананын имараты. Ошол себептүү долбоордун талаптарын аткарууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук медицина тармагынын жетекчилиги жана эмгек жамааты активдүү иш алып баруусу керектигин баса белгиледи.
Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоордун аткаруу мөөнөтү 12 айды түзөт.
Барчын Мамытбекова