Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 23-апрель китеп жана автордук укук күнүнө карата атайын иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында көргөзмө, китеп окуу сааты болуп, ата-энелер балдарга китеп окуп беришти. Тактап айтканда Н.Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин директору Венера Артыкбаева, райондук китепкананын кызматкери Нарынкүл Байтерекова, мектептин мугалими Жыргал Кожоева окуучуларга китеп окуп беришти. Ошондой эле окуучулар дагы ырлардан көркөм окушту.
Мектептин китепканачысы Мээрим Алыбаеванын айтымында учурда балдар китепке эмес, гаджеттерге көбүрөк кызыгып калышты.
«Азыр технологиянын заманы болуп, жада калса чыгармаларды да аудио (үн) түрүндө угуп калдык. Бирок ал китептин өзүн окугандай ырахат тартуулай албайт. Китепти барактап, кызыктуу жерлерин улам кайталап окуу өзүнчө бир керемет. Китеп окуган адам стресстен арылат, ой жүгүртүү жана эске тутуу жөндөмүн, сөз байлыгын арттырат»,- дейт.
Иш-чаранын соңунда мыкты көркөм окуган окуучуларга грамоталар тапшырылды.
Барчын Мамытбекова