Бүгүн Ак-Талаа районундагы Кызыл- Белес айыл өкмөтүндө «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен фельдшердик-акушердик пункт курулушу баштады.
Айыл өкмөт башчысы Мират Шерматовдун берген маалыматына караганда капсула салууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.
«Кайрымдуулук фонд тарабынан курулушка 1 млн. 700 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом каржыланган. Бул каражатка от казан, даараткана салынып, айланасы тосулат. Курулуштун жалпы наркы 1 млн 950 миң сомду түзөт»,- деди.
Ал эми айылдагы мурдагы ФАП авариялык абалда болгон. Мындан сырткары акушердик пункт эки ай аралыгында бүткөрүлүп, колдонууга берилери пландалган.
Барчын Мамытбекова