Нарын районундагы Он-Арча айыл аймагына караган Оттук айылынын депутат айымы Мыскал Байгазиева айыл тургундары үчүн зордук-зомбулуктун алдын- алуу максатында «Ынтымак бар үйдө жашоо керемет» аталышындагы семинар-тренинг өттү. Иш-чара Оттук айылындагы китепканада өткөрүлүп, ага Он-Арча жана Оттук айылдарынын жергиликтүү бийликтин депутаттары жана айыл тургундары катышышты.
Мыскал Байгазиева зордук зомбулуктун кесепеттери, себептери тууралуу ар кандай мисалдарды келтирүү менен айыл элинин зомбулукка каршы турушуна багыт бере алды. Муну менен катар бала тарбиялоодогу ата-эненин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ролу тууралуу да токтолуп, замандын өнүгүүсү менен адамзаты да өнүгүү үстүндө болушу керектигин катышуучуларга баса белгиледи.
«Бул семинар-тренингди атайын долбоор жазып, ишке ашырып жатабыз. Мындай семинар-тренингдер мындан ары дайыма өтүлүп турмакчы жана муну менен катар үй-бүлө ынтымагын бекемдөө максатында да ар кандай кароо-сынактарды сунуштап, өткөрүүгө аракет кылабыз»,-дейт Мыскал Байгазиева.
Эгерде мындай семинар-тренингдер айыл эли үчүн байма-бай өтүлө турган болсо, анда ага катышкан ар бир адам өзүнүн иш-аракеттерине да байкоо жүргүзүүнү үйрөнөт. Өзүн-өзү өнүктүрүүгө багыт ала баштайт. Анча-мында баласына көрсөткөн зомбулукту токтотуп, балага туура тарбия берүүнү үйрөнүү менен жаркын келечек тартуулай алышат.
Эркеайым Замирбек кызы