Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев тиешелүү облустук мекеме-ишкана жетекчилери менен бирге Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушту.
Жолугушуу райондук маданият үйүндө болуп ага айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.
Облус башчысына жергиликтүү жашоочулар тарабынан курч суроолор узатылып, ирригациялык объектилерди оңдоп-түздөө, айылдарда бала бакчалардын жетишсиздиги, жол маселелери, узактан бери созулуп келе жаткан социалдык көйгөйлөр жана башка ушу сыяктуу көйгөйлөр айтылды.
Айрымдар көйгөйлөрдү чечүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аткарууга тапшырмалар берилсе, айрым көйгөйлөр боюнча аракеттер көрүлөрүн С.Ашимбаев баса белгиледи.
Барчын Мамытбекова