Бишкек шаарында 4-9- апрель күндөрү «Насаатчылык колдоо аркылуу информатика мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасы» долбоору боюнча насаатчылардын жолугушуусу өткөрүлдү. Бул жолугушууну БААУнун астындагы Билим берүү институту жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду (ББДКФ) уюштурду. Жолугушууга буга чейин БААУнун Билим берүү институтунан билим алып жаткан республика боюнча 31 информатика мугалимдери келип, окууну ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн сертикаттарга ээ болушту.
Тандалып алынган мугалимдер менторлукка БААУнун Билим берүү институтунан 72 сааттык онлайн курсунун акыркы сессиясын 5-6- апрель күндөрү БААУда офлайн форматта окуп аякташты. Бул күндөрү ар бир ментор жеке насаатчысы менен иштегенге жакшы шарттар түзүлдү. Семинарлар эки тилде өткөрүлдү. Билим берүү институтунан орус тилинде Алиса Алыбаева, ал эми кыргыз тилинде Айгүл Каримова алып барышты.
БАУУдагы информатика мугалимдердин жолугушуусу
БААУнун астындагы Билим берүү институтунун директору профессор Тамо Чаттопадхай мугалимдер менен
72 саттын ичинде менторлор алган билимдери менен офлайн жолугушууда бири-бири менен бөлүшүшүп, талкуулоолорду жүргүзүштү. Билим берүү институтунун директору профессор Тамо Чаттопадхайга кызыккан суроолорун беришип, окуучуларга эффективдүү сабактарды өтүүнүн сырларын биле алышты. Информатика мугалимдеринин эң чоң көйгөйү бул мектептердеги компьютерлердин жетишсиздиги аныкталды. Айрым аймактарда мамлекет берген 5-10 гана компьютер бар болсо, кээ бир мектептерде эки же үч компьютер менен гана чектелип калгандар да бар. Менторлор долбоордун алкагында бул көйгөйдүн чечүү жолдору да бар деп ишенишет.
Ал эми менторлор 7-8-апрель күндөрү Билим берүү демилгелерин колдоо фонду (ББДКФ) менен биргеликте семинар өтүштү. Кыргыз тилинде педагогика илиминин кандидаты, доцент Жылдыз Асекова, орус тилинде педагогика илиминин доктору Ирина Низовская семинарды алып барышты.
Семинардын жүрүшү
Менторлор алгач жекече, андан кийин жуптарда жана топтордо иштешти
Менторлордун экзамен тапшыруу учуру
Экзаменди БААУнун компьютердик кабинеттеринде тапшырышты. Ар бир ментор жекече компьютерде иштеди.
Семинардын соңунда уюштуруучулар атайын чопо идиштерди, сувенирлерди жасаган адисти чакырышып, менторлор өзүлөрүн жаңы багытта да сынап көрүүгө жетишишти. Ар бир катышуучу өзү каалаган буюмду өз колу менен жасап көрүштү. Төрт күн талыкпай билим алган менторлорго кече абдан көңүлдүү өтүп, эргүү ала алышты.
Ар бир ментор үчүн бул багыт абдан кызыктуу болду
Өз эмгектери менен жасаган буюмдар
Жыйынтыгында менторлорго сертификаттар тапшырылып, алдыга пландар түзүлдү. БААУнун астындагы Билим берүү институтунан билим алган менторлор аймактарга алган билимдерин жайылтышат. Мындан ары менторлорго Билим берүү демилгелерин колдоо фонду (ББДКФ) колдоо көрсөтүү менен долбоорду биргеликте ишке ашырышат.
Эске сала кетсек, республика боюнча 150 мектептин информатика мугалимдери Азиядагы Америка университетинин Билим берүү институту тарабынан уюшулган IT-мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу программасынын алкагында тандалып алынган. БААУ БИ тобунун 72 саатык сертификатталган менторлорду окутуу программасына 150 мугалимдин арасынан сынактын негизинде 30 ментор тандалып алынган.
Акылай Алмазбекова