Республика боюнча 150 мектептин информатика мугалимдери Азиядагы Америка университетинин Билим берүү институту тарабынан уюшулган IT-мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу программасынын алкагында билим алышат.
Программанын негизги максаты санариптик көндүмдөр менен байланыштуу студенттердин, окуучулардын окуу натыйжаларын жакшыртуу болуп саналат. Буга информатика мугалимдеринин квалификациясын жана практикасын талкулоо, билим менен бөлүшүү жана эки деңгээлдүү структураланган ментордук квалификациясын жогорулатуу программасынын контекстинде практикалык көнүгүүлөрдү жакшыртуу аркылуу жетишүү күтүлүүдө. Программа информатика мугалимдеринин үзгүлтүксүз профессионалдык өнүгүүсү үчүн онлайн платформанын негизинде практикалык иштер менен коштолот.
БААУ БИ тобунун 72 саатык сертификатталган менторлорду окутуу программасына 150 мугалимдин арасынан сынактын негизинде 30 ментор тандалып алынган. Менторлор 8 жумалык курстан өтүшүп, TEACH (байкоонун негизги куралы) негизинде баалоо үчүн өз кесиптештеринин сабактарына катышышып, байкоо жүргүзүшүп, ошондой эле өз сын-пикирлери менен бөлүшүп, окутуу практикасын биргелешип жакшыртуу үчүн кесиптештери менен чогу иштешет.
Нарын району боюнча 5 мектептин информатика мугалимдери тандалып алынган:
Нарын району боюнча ментор болуп Акылай Алмазбекова тандалып алынган.

Акылай Алмазбекова
«Бизге жумасына БААУ БИ тобу менен үч күн, Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун (ББДКФ) тобу менен эки күн 2 сааттан ашык Zoom платформасында окутуу болуп жатат. Учурдагы пандемияга байланыштуу окутуулар онлайн форматта өтүлүүдө. Биз азыр үчүнчү жума окууларына катышып, билим алып жаткан учурубуз. Бул окууда биз биринчи кезекте TEACH (байкоонун негизги куралы) негизинде баалоо жүргүзүүнү үйрөнүп жатабыз. Сабактардын көпчүлүгү теорияга эмес практикалык иштерди аткарууга басым жасалып жатат. Окуп жаткандыгыбызга аз убакыт болсо дагы мугалимдик кесипке байланыштуу жогорку деңгээлдеги тажрыйбаларды топтой алдык»,- дейт Акылай Алмазбекова.

Менторлорду даярдоо боюнча БААУ БИ жана Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун (ББДКФ) тобунун кезектеги окутуусу
Мындан ары менторлор жана алардын шакирттери атайы иштелип чыккан онлайн платформа аркылуу баарлашышат. Бул платформа информатика мугалимдердин активдүү окууга жана практикалык коомчулугун түзүү мейкиндиги болуп саналат. Мында ар бир адам кызматташуу, көйгөлөрдү чечүү, критикалык ой жүгүртүү жана өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн өнүктүрөт.
Эркеайым Замирбек кызы