Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Нурайдын кесиби тигүү тармагы боюнча технолог. Бирок айылда иш жок болгондуктан 9 жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип, айылды гана эмес Нарын районунун айрым айылдарын дагы тандыр нан менен камсыз кылып келет. Өзүнүн айтымында үй-бүлөлүк ишкерлик тууралуу ойлонуп, айылда нан чыгаруучу цех жок экенин эске алышкан.
Анан кайын атасынын демилгеси менен нан жасоону колго алган. Нурай ишкерликти баштоодон мурда кайын атасы борбордогу тандыр жасоочу жайларды кыдырып көрүп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып, өзбек улутундагы Карим аттуу жаранды жалдап келгенин айтты.
“Алгач байкап көрүү максатында бир кап ундан жаап, дүкөндөргө койдук. Бул чынында ошол учурда жаңылык болду. Эртеси тандыр нанга суроо талап күч экенин байкадык дагы, дароо эле 2-3 кап ундан жаап баштадык. Бир кап ун бир эле жуурулат. Сырттан жалдап келгенибиздин себеби биз тарапта тандыр нан боюнча уста адамдар жокко эсе. Биздин ишканада иштегендер үй-бүлөлүк шартка байланыштуу алмашып турушат.
Үй-бүлөсүнө кетет, жамандык-жакшылык болот дегендей. Алар үчүн жатакана уюштурулган. Негизи райондогу айылдарды жана Нарындын Куланак, Учкун айылдарын дагы камсыз кылабыз. Ошондой эле аш-тойдун убагында, башка учурларда деле буйрутма кабыл алабыз. Албетте айыл болсо деле конкуренция деген болот. Нандын салмагын азайтпайбыз. Сапатын жоготпой, даамдуу болуш үчүн май, шекер кошобуз. Өзүбүздүн кардарлар, өзүбүздүн ордубуз бар”,- дейт Нурай.
Казакстандын бир кап унунан 220 даана тандыр нан чыгат. Ал эми бир күндө 3-4 кап ундан нан жабылат. Уста-наабайчылардын жумушу кечки сегизде камыр жууруп, от жагуу менен башталат.
Эртең мененки таңкы саат 4тө бышырылган нандарды атайын идиштерге салып, соода түйүндөргө, кафе-ресторандарга, жакынкы айылдарга жеткирүүгө дайындалат. Ал эми Нарын районундагы айылдарга болсо каттаган таксилерден берип жиберет.
“Мурун бир кап унду 1300-1350дөн алсак азыр кыйла эле кымбаттап кетти. Нан ундан эле жасалбайт ага кумшекер, туз, май кошулат. Мурда 20сомдон саткан болсо, азыр 25 сомдон. Албетте 5сом деле чыгымды жаап кетпейт, бирок андан кымбат койсок өтпөйт. Өз чыгымын актабай калган учур дагы болот. Нан жабуунун түйшүгү оор”,- деген Нурай нан ташуу үчүн унаа айдаганды үйрөнгөнүн айтты.
Диана Нурланова