Кыргыз элине белгилүү залкар комузчу жана аткаруучу, бир нече күүлөрдун автору Нурак Абдырахманов быйыл көзү тирүү болгондо 19-октябрда 75 жашка чыкмак.
Улуу тоолордун арасында туулуп, кыргыз музыкасында кылымдар бою өчпөс из калтырган зор талант эмгек жолунда бир катар шакирттерди тарбиялаган. Алардын бири Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин комуз ийриминин мугалими Нурай Исаева.
Эмгек жолун окуу жайды аяктагандан кийин айылдык клубда иштөө менен баштаган Нурак Абдыраханов 1974-жылы көп эмгек менен райондо балдар музыкалык мектебин ачууга жетишкен. Нурай Исаева мына ошол музыкалык мектепке кабыл алынган сегиз кыздын бири. Агайдан алган билимдин артынан түшүп, өнөр аркалаган Нурай эже учурда музыкалык мектептин мугалими. Айтымында мектепте 2-класста окуп жатканда комузду алгач ирет агайдан үйрөнгөн, алгачкы окуучусу болгон.
“ Биринчи окуучусу, бүтүрүүчүсү жана шакиртимин. Агайдын сабак берүүдөгү усулдук ыкмасы, өзүнүн да комуз чертүү ыкмасы бир башкача эле. Өзүнүн чыгарган күүлөрүнөн эле ал кишинин кандай залкар талант, комузчу, кайталангыс өнөрлүү болгонун аңдоого болот. Агайдын колунан билим алып, комуз үйрөнгөндөр кийин күчтүү комузчулардан болушту. Алды филармонияда иштеп жатса, арты бизге окшогон мугалим болду. Агайдын эң мыкты, алдыңкы окуучулары элек ошол алгачкы сегиз кыз”,-деп эскерди.
Шакирт кыздары көзү өткөнгө чейин улуу устаты менен байланышып, мааракелеринде дайыма жанында болушкан. Ал гана эмес жаңы күүлөрүн дагы үйрөнүп, кеп-кеңеш алып турушчу. Музыкалык мектеп ачылганда алгачкылардан болуп Нурак Абдырахмановдон сабак алган сегиз кыздын бешөөсү чыгармачылык жолго түшкөн. Ал эми үчөө ар башка тармактын белдүү кызматкерлери. Бирок ошентсе дагы комузду таштап койбой, бири жаш муундарга комуз сабагынын, экинчиси англис тили мугалими.
“Агай абдан боорукер, адамкерчилик сапаты бийик, берешен, айкөл адам эле. Бирөөгө такыр катуу айтканын көргөн жокмун. Бизди балдарындай сыйлачу, дайыма маанайыбызды карап, байкап турчу. Эшиктен кирип келгенде өз атабыздай чекебизден өөп учурашып, жакшысыңбы деп сурар эле. Өз атабыздай мамиле жасачу. Ачууланганын, капа болгонун көргөн жокмун. Кээде гана комуздун кулагын бурап, телмирип, кабагы салыңкы отуруп калганын көргөндө агайдын маанайы жок экенин баамдачубуз. Бирок бат эле жазылып кетчү” дейт.
Зарина Бейшеналиева, Акбар Кеңешбеков