Көз эң кичине болгону менен адамга өтө керектүү, маанилүү орган болуп эсептелет. Анткени айлана-чөйрөнү, жашоонун, жаратылыштын, көк асманды, нурун чачкан күндү, дегеле он сегиз мин ааламдын кереметин көз менен гана көрө алабыз. Жашоонун ырахатын сезебиз. Ошон үчүн көздү ар дайым ысыктан, сууктан сактап, көрбөй калуу коркунучун алдын алуу керек.
Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда дүйнөдө 2млрд.ашык адам көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган же жакшы көрө албайт. Ал эми 19млн.жакын бала көздүн ар кандай илдеттери менен жабыркайт. Мындан сырткары көрбөй калган жарандардын 82% 50 жаштан өткөндөр экенин аныкташкан.
Көз ооруларын алдын алуу, убагында дарылоо, көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган жарандарга жардам берүү, коомчулуктун көңүлүн буруу максатында октябрь айынын экинчи бейшембисинде Бүткүл Дүйнөлүк көрүү күнү белгиленет. Бул Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму тарабынан демилгелеген.
Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерерлер практикалык борборунун көз дарыгери Букен Турдубекова көрүүнү бузуп албоо үчүн бир катар кеңештерди айтты.
“Жайкысын күндөн, кышкысын сууктан коргоочу көз айнектерди тагынуу керек. Уюлдук телефонду тынымсыз колдонуудан этият болуу керек. Бул абдан зыян. Көз кызарып, кычышып, жаш чыгып ооруйт, талыйт. Ата-энелер балдарга сатып бербей эле койсо, берсе дагы колдонуу убактысын ченеп, көзөмөлдөсө жакшы болот эле. Азыр баарыбыз компьютер менен иштеп калдык. Бир сааттан көздү эс алдырып, көнүгүүлөрдү жасап туруш керек. Китеп окуганда дагы аны 30см аралыкта кармоо керек”,- деди.
Дарыгердин айтымында жылдан-жылга медициналык кароо учурунда көрүүсү начарлаган балдар, аскерге барчу жаш уландар көбөйүп баратат. Көздүн көрүүсүн калыбында сактоо үчүн маал-маалы менен офтальмологго көрүнүп туруу керек. Ошондой эле кышкысын жылаңбаш жүрүү дагы зыян, анткени көзгө кетүүчү нервдерге суук тиет деп кошумчалады дарыгер.
Барчын Мамытбекова