Азиз Макешов менен Гульназ Турганбекова ЮНИСЕФ ыктыярчыларынын чоң үй-бүлөсүнө өткөн жылы катталышкан. Ыктыярчылык аркылуу коомго эле пайдалуу болбой, өзүбүз да кайталангыс тажрыйбага ээ болуп жатабыз, — дешет алар.
Жубайлар Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында жашайт. Төрт баланын ата-энеси. Азиз — Камбар-Ата ГЭСинде нөөмөттүн улук начальниги, Гульназ да мамлекеттик жумушта иштейт.
Алар өткөн жылдын май айында ЮНИСЕФ уюмуна ыктыярчылыкка кабыл алынган. Бул аралыкта түгөйлөр Кара-Көл шаарындагы бардык мектептерге барып, өзгөчө кырдаалдар жана алардын коргонуу тууралуу маанилүү маалыматтарды окуучуларга айтып беришти. Ошентип, Азиз менен Гульназ өлкө масштабындагы “Коопсуз мектеп” долбоорунун бир бөлүгүн татыктуу ишке ашырып жатышат.
“Коопсуз мектеп” долбоорун ЮНИСЕФ Япония өкмөтүнүн жардамында ишке ашырып келет. Долбоордун негизги таянычы — Азиз менен Гульназ өңдүү жүздөгөн ыктыярчылар. Алар ар кандай өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу жаатында окуучуларга симуляциялык окууларды өткөрүшөт, балдардын маалыматты кабыл алуу өзгөчөлүгүн эске алуу менен кызыктуу роликтер коштогон интерактивдүү сабактарды өтүшөт.
2011-2014-жылдары ЮНИСЕФ өткөргөн баалоого ылайык, өлкөдөгү окуу жайлардын 85 пайызында коопсуздук деңгээли төмөн. Бул миллиондон ашык бала жаратылыш кырсыктарынын ыктымал тобокелдигине кабылган дегенди билдирет.
Ошондуктан симуляциялык окууларды өткөрүүгө мектеп администрациялары, мугалимдер активдүү колдоо көрсөтүп келишет.
“Айтылган маалыматтар ар бир бала үчүн пайдалуу. Айрыкча видеоматериалдар абдан таасирдүү жана түшүнүктүү экен. Ушундай иш чараларды өткөрүш үчүн убактысын, билимин арнаган ыктыярчыларга ыраазыбыз. ЮНИСЕФке, колдоо көрсөтүп жаткан Жапониянын Өкмөтүнө да алкыш”, — дешет Кара-Көлдөгү мугалимдер.
Келечек муундун коопсуздугу үчүн салым кошуп жаткан жубайлар ыктырячылык алардын өзүнө да чоң пайдасын тйигизип жатканын белгилешти.
“Жеке биз үчүн ыктыярчылык жаштар менен бир толкунда болууга мүмкүнчүлүк берди. Бул биз үчүн абдан маанилүү, анткени төрт балабыз бар, алардын экөөсү
өспүрүм куракта. Дүйнө таанымыбыз кеңейип, кызыктуу адамдар менен таанышып, түрдүү долбоорлордон баалуу тажрыйба алып жатабыз. Ыктыярчылык — өзүңдү өнүктүрүүгө жасалган кадам. Биздин ишмердүүлүгүбүз коомго пайда алып келерине ишенебиз”, — дейт Азиз.
Чогуу түтүн булатканына 13 жыл болгон Азиз менен Гульназ ыктыярчылык алардын бири-бирине болгон мамилесин да бекемдегенин белгилешет.
“Үй-бүлөлүк ыктыярчылыктын жакшы жактары көп. Мектептерге чогуу барабыз. Бирөөбүз жетишпей жатсак, экинчибиз жардамга келебиз. Бирөөбүз сөзүбүздү таппай калсак, экинчибиз коштоп кетебиз. Биз бири-бирибизди толуктап турабыз. Анан да балдарыбыздын көйгөйлөрүн көбүрөөк түшүнө баштадык”, — дейт Гульназ.
Азиз менен Гульназ — Кыргызстандагы миңдеп саналган салттуу үй-бүлөлөрдүн бири. турмуш түйшүгү аларда да бар. Ошого карабай, алар коом үчүн, ар бир бала үчүн деген изги тилек менен ыктыярдуу жумуштарга убакыт таап келе жатышат.