Бүгүн, 15- октябрь күнү Кочкор айылында жайгашкан Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин 50- жылдык юбилейи салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чарага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери, Кочкор райондук Билим Берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Кочкор айылынын тургундары, 50-жыл мурун мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрү жана ардактуу эс-алууда жүргөн агай-эжейлер келди.

Алгачкы сөздү Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин директору Абдилбек Саадабаевге бердик:
«Бүгүн биздин мектепке туптуура 50-жыл болду, 1971- жылы 12- октябрь күнү өзүнүн биринчи окуучуларын кабыл алып баштаган. Мектептин салынышына жана түптөлүшүнө,ошондогу Теңдик колхозунун башкармасы Мөкүш Кулубеков жана Турдакун Усубалиевдин эмгектери, салымы зор десек жаңылышпайбыз. Андан тышкары мектептин алгачкы директору, мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо эң мыкты иш алып барган Тамара Усупова. Өзгөчө салымын кошкон директорлордун бири бул Зарылбек Табылдиев, анын учурунда көптөгөн иштер болду, «Калыгул Бай уулу» атындагы парк курулуп, мектептин аллеялары түзөлүп, брусчатка төшөлгөн жана материалдык-техникалык база чыңдалып калган.

Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин директору Абдилбек Саадабаев
Азыркы учурдагы биз сыймыктанып кетчүү бүтүрүүчүлөрүбүздүн бири бул Олимпиада чемпиону Айсулуу Тыныбекова, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Ишенбек Чаланов, СССРдин жана Европа чемпиону Нурлан Абдыкалыков. 50-жылдан бери биздин мектепти миңдеген окуучулар бүтүрүп, миңдеген окуучулар дагы билим алышат деген тилектемин».

Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Бурул Кайырова
Кийинки сөздү Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Бурул Кайыровага бердик:
«Бүгүнкү иш-чарабыз мектептин 50- жылына карата арналган. Мектепте жалпы 68 мугалим эмгектенет, билим орус жана кыргыз тилинде берилет, мектепте 1300 окуучу окуйт. Салтанаттуу иш-чараны бирдикте, ынтымакта уюштуруп, белгилеп жатабыз. Коноктордун арасында мектептин ардактуу эс-алууда жүргөн мугалимдер, 50, 30, 20-жыл мурун бүткөн бүтүрүүчүлөр дагы бар. Конокторго мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин даярдаган чакан концерттик программасын тартуулайбыз.
50-жыл мурун Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү
Майрамга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Самат Асаналиев жана экинчи орун басары Чинара Табалдиева келишип, куттуктоо сөздөрүн айтышып, райондук мамлекеттик администрациясынын атынан ийгилик жараткан мугалимдерге райондук грамоталарды тапшырып кетишти.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын грамотасын тапшыруу учуру
Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо катышып, мектептин түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсандарды белгилөө менен бирге мугалимдерге таазим кылып 50-жылдык юбилейи менен куттуктап кетти.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо
Карыбек Айдаров Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрү жана Калыгул Бай уулунун урпактарынын бири:
«Мен бул мектептин биринчи бүтүрүүчүсү болом,1972-жылы мектепти 44 бала бүткөнбүз, азыр 68-жаштамын Кочкор районунун Теңдик айылында жашайм».

Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин биринчи бүтүрүүчүсү Карыбек Айдаров
Майрам Осмонова жана Ырыскан Турсунбаева көп жыл Калыгул Бай уулу мектебинде эмгектенип, азыр ардактуу эс-алууда.

Ардактуу эс-алууда жүргөн мугалимдер Ырыскан Турсунбаева жана Майрам Осмонова
Гуля Обукеева орус тил жана адабиятынын мугалими 42-жылдан бери билим берип, жарым тарыхы бар мектепте эмгектенип жатканына сыймыктанат.

Орус тили жана адабиятынын мугалими Гуля Обукеева
Атыркүл Курманалиева география сабагынын мугалими Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү жана 50 жыл балдарга билим берип келе жаткан инсан.

География мугалими Атыркүл Курманалиева

Расмий бөлүгүнөн көз ирмем
Нурия Карымбаева