Төлөк айылында төрт түлүк малдын саны арбын, анын ичинде төө сейрек кездешет. Аны багуу бир аз оор. Бирок акыркы жылдары айылга алып келип баккандар бар.
Бүгүнкү маегибиз Төлөк айылына алгачкылардан болуп төө алып келип багып жаткан Азизбек Исмаилов менен болмокчу.
-Саламатсызбы? Канча жылдан бери төө багып келе жатасыз?
-Төө багып баштаганыма жети жыл болду. Жаңы багып баштаганда экини алып келгенбиз, азыр ушул тапта беш баш болду. Төөнүн көбөйүшү өтө жай убакытта болот, эки жылда бир тууйт.
-Төөнүн кандай пайдалуу жактары бар?
-Төөнүн сүтү жана жүнү өтө пайдалуу. Сүтүн көп ооруларга дары катары ичишет. А жүнү болсо суук тийген жерлерге мисалы, бут ооруга, ичеги oopyларга кийим катары токутуп кийишет.
-Сиздер ошол төөлөрдүн жүнүн же сүтүн колдонуп көрдүңөрбү?
-Төөнүн жүнүн чууда деп аташат. Аны чогултуу, тазалоо көп убакытты жана эмгекти талап кылат. Бирок ага карабай келинчегим төөнүн жүнүнөн жууркан жасады. Жуурканы абдан жылуу жана жеңил болот.
-Кандай тоют бересиз?
-Төө талаада эле болот. Өзү өтө чоң болгондуктан короого деле батпайт. Тоюту болсо талаадан эле тамактанат. Үйдөн алыс жерлерге барып, көпчүлүк учурда талаада болот. Анда-санда гана карап, толуктап коём.
—Төөлөрдү алгач каяктан алып келдиниз эле?
-Төөлөрдү Байзак айылынын алып келгенбиз. Алгач көнбөй саат сайын кароого туура келген. Ал күндөрү айылдан алыс жайгашкан кашарга алып барып бакканбыз. Ал жак тынч болуп ыңгайлуу болгондуктан.
-Төөнүн жүнүнөн жасалган жуурканга канча килограмм чууда кетти? Аны канча убакытта чогулттуңуз?
-Төөнүн жүнүн төрт жыл чогултуп, андан келинчегим сегиз жууркан жасады. Анын жүнү эчкинин тыбытынан бир аз эле чоңураак болот. Жеңил отургандыктан көптө чогулат.
Төө баккан Азизбек Исмаилов
Мирайым Конокбаева