Кыргызстанда cанариптик доордун эпкини менен финансылык продуктулар жана тейлөө ыкчам өнүгүп жатат. Бирок калктын каржылык сабаттуулугу дагы эле начар. Былтыркы изилдөө көрсөткөндөй, өлкөдөгү чоң адамдар каржы сабаттуулугу боюнча орточо упай (55,4%) алган. Жеке бюджетти пландаштыруудан көбү алыс — кыргызстандыктардын дээрлик жарымы запастагы акчасына бир аптадан бир айга чейин гана жашай алат.
Анара Абдилазиз кызы Бишкек шаарында жашайт. Эки баланын энеси. СММ адиси катары онлайн дүкөндөр менен иштешет. Жолдошу болсо мамлекеттик жумушта. Анаранын айтымында, алардын үй-бүлөлүк кирешеси көпчүлүккө салыштырмалуу дурус — бир айлык тапкандары жашоо минимумунан 10-15 эсеге көп. Ошого карабай айдын аягына карыз менен чыгышат.
“Балдарыбыз жеке бала бакчада. 20 миң сомун дароо ошол жакка бөлөбүз. Калганын эл катары эле тамак-аш, кийим-кече, той-мааракелерге сарптайбыз. Ай аяктап баратканда үйдүн жанындагы дүкөндөн азык-түлүктү карызга ала баштайбыз, той-аш көп болгон маалда дос-тааныштардан тыйын сураган күндөр болот. Ошентип, карыздардан кутулуп, негизги чыгымдарды жаап, кайра эле акча тартыш болгон айлампада жүрөбүз”, — дейт ал.
Кыргызстандыктардын көпчүлүгүнө Анаранын көйгөйү тааныш. Алар үй-бүлөлүк бюджетти пландоо, кирешенин кайсы бир бөлүгүн кийинкиге чогултуу жагынан аксашат. Муну Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (OECD) 2021-жылда КМШ өлкөлөрүндөгү каржылык сабаттуулук боюнча өткөргөн изилдөөсү ырастайт. Анын жыйынтыгына ылайык, өлкөдөгү ар бир экинчи адам өткөн жылы каржылык кыйынчылыктарга бет келген. Алардын финансылык абалы бакубаттыкты эмес, стресс, тынчсызданууну чагылдырат.
Бул изилдөөнүн дагы бир маанилүү тыянагы — непада бир кокустук болуп, туруктуу киреше болбой калса, калктын төрттөн бири колундагы акчасы менен бир аптадан бир айга чейин, дагы ушунчасы бир айдан жарым жылга чейин эле жашай алат. Элдин он пайызы болсо бир аптага да жете албайт.
Экономист Кубан Чороевдин айтымында, каржылык коопсуздукту камсыздоо — сабаттуулуктун негизги көрсөткүчү. Муну пандемиядагы карантинге байланыштуу экономикалык кыйынчылыктар дагы бир жолу так көрсөтүп берди. Бирок элдин басымдуусу аптадан аптага, айдан айга күн кечирүүдөн чыга элек.
“Иш болбой, киреше жок болуп турса, үй-бүлө жок эле дегенде жарым жыл же бир жыл жашай ала турган запас болуш керек. Бизде, тилекке каршы, үй-бүлөлөрдүн 90 пайызы финансылык коопсуздугун камсыздаган эмес. Карап көрсөк, бизде бир айда кирешеси менен чыгашасы барабар болуп же кирешесинен чыгашасы көп болуп чыгат. Бул каржылык сабаттуулуктун төмөндүгүнөн кабар берет”, — дейт эксперт.
Кубан Чороевдин айтканында жөн бар. 2021-жылы Кыргызстандагы калктын финансылык сабаттуулугу орточо деп бааланып, максималдуу делген 100 пайыздык упайдын жарымын алган. Бул жагынан КМШга кирген өлкөлөрдүн арасында салыштырмалуу артта.
“Постсоветтик өлкөлөрдүн баарында эле каржы сабаттуулугу төмөн, себеби бул жөнүндө ачык айтылчу эмес. Каржылык сабаттуулукту мектепте да, университетте да окутушпайт, а бирок бул нерсе жеке адамдын гана эмес, жалпы мамлекеттин финансылык бакубаттыгына таасир этет”, — деп кошумчалады Кубан Чороев.
Насыя тузагында аялдар басымдуулук кылат
Жалалабаддык Батма апанын (аты интервью берүүчүнүн өтүнүчү менен өзгөртүлдү) карыз доолаган тааныштары күн алыс келип, ызы-чуу салып кетет. Неберелери менен отурган эненин аларга берери жок. Бул үй-бүлөнү бүлүккө салган иштер эки жыл мурун башталган: келини тез татым саткан чакан жайды иштете баштайт, бул үчүн микрокредиттик уюмдан насыя алат. Башында жумуш жолго түшкөндөй болгон, бирок айыл жеринде жегенин айлык тийгенче деп жаздырып карыз алгандар көп болот. Карызын бири берип, бири бербей отуруп, келин кантип артка баратканын байкабай калган, тажрыйбасы жок болгон үчүн чакан иштин эсеп-кысабын да жүргүзө алган эмес.
“Биринчи кредитти төлөй албай калды, алганда да акчаны көп алган экен.Кошунадан суранып, анын атына дагы кредит алыптыр. Анысы тез арада жаап бер деп артынан түшкөндө, дагы башка бирөөнүн атына насыя жаздыртат. Кыскасы, биринин шапкесин экинчисине кийгизип отуруп, карызы чоңойгон. Баш-аягы канчага жеткенин мен деле жакшы билбейм, 350 миң сомго жакын деп чамалайм. Келиним балам экөө айылдан кетип калганына үч айдан ашты. Карыз алып берген тааныштар айла жок кредитти өздөрү төлөп, күн алыс мага келип жүрүшөт. Аларды да түшүнөм, бирок берерим болсочу”, — деп жашыйт Батма апа.
Кыргызстанда кредит тузагына түшүп калган жарандардын так саны белгисиз. Бирок микрокредиттик уюмдарга карызды убагында кайтаруунун деңгээли 95,5%ды түзөт. Кредит кандай айла менен жабылып жатканы өзүнчө маселе: Батма апанын келининдей болуп, “биринин шапкесин бирине кийгизип” жаткандар аз эмес. Кент университетинин Чыр-чатактарды анализдөө боюнча изилдөөө борборунун улук илимий кызматкери Эльмира Сатыбалдиеванын эмгегинде өлкөдөгү насыя алуучулардын 30 пайызы карызга батканы айтылат.
“Микрокредиттик уюмдардын биринин башчысы насыя алуучулардын көбү тамагын, ден соолугун, билимин садага чаап, кредит төлөй турганын моюндады”, — деп жазат ал.
Дага бир маанилүү жагдай — микрофинансылык уюмдардын кардарларынын басымдуусу аялдар жана алар тобокелдикке көбүрөөк кабылат.
Илимпоз Эльмира Сатыбалдиева белгилегендей, аялдар насыяны кайтаруу мөөнөтүн кечиктирген учурда каржы индустриясы аларды уяткаруу, кемсинтүү сыяктуу маданий нормаларды көп пайдаланат. Айрым кредиттик уюмдар кредит мөөнөтүн кечиктирген аялдарды жазалоого акимдерди, аксакалдар сотун тарткан.
“Кээде аялдардын абийирине көө жабылып, алардан туугандары терс бурулган учурлар бар. 2011-2012-жылдары Кыргызстанда үй-мүлкү конфискация болгону жаткан 17 аял өз жанын кыйган. Жакырларды, аны менен аярлуу абалдагы аялдарды карызга тартуу — Борбор Азиядагы каржы индустриясында тоноонун мыйзамдаштырылган формасы болуп калды”, — дейт Сатыбалдиева.
Улуттук банк болсо микрокаржылоону гендердик теңчиликти илгерилетүүнүн жана аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн эффективдүү механизми деп эсептейт.
“Бүгүнкү күндө иштеген аялдардын үлүшү жогору эмес – 42% жана өндүрүмдүүлүгү төмөн тармактарда топтолгон. Аялдардын 61%дан ашыгы формалдуу эмес сектордо иштешет”, — деп айтылат Улуттук банктын “Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары” программасында.
БУУнун үйү, 2020-жыл. Сүрөт: 24.kg
Демек, алдыдагы жылдарда аярлуу катмар катары аялдар үчүн насыялардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо багытында дагы иштер жүрөт. Бирок насыяларды оңой алууга жол ачуу менен маселе чечилип калбайт. Кредит алып жаткан кыз-келиндердин каржылык сабаттуулугун, акчаны башкаруу боюнча билимдерин арттырууга да басым жасалышы керек. Себеби OECD уюмунун тыянагына таянсак, эркектерге караганда аялдардын каржылык сабаттуулугу жана бакубаттыгы салыштырмалуу төмөн.
Ошол эле маалда аялдардын кредит сазына батышын бир эле финансылык сабаттуулуктун төмөндүгүнө шылтап койгон болбойт. Бул жерде гендердик теңсиздиктин түрдүү аспектилери жатат. Айталы, Жамааттык ЖМК жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстандагы кыймылсыз мүлктөрдүн 90% эркектерге катталган. Жубайлар ажырашкан кезде, балдар адатта энеси менен калып, аталары алимент төлөөдөн баш тартат. Сотто каралган жалпы иштердин төрттөн бир бөлүгү алимент өндүрүүгө байланыштуу. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, аялдар эркектерге караганда айлыкты 30%га аз алат. Балдарды кароо жана тарбиялоо дээрлик апалардын милдети болуп калган үчүн аялдар ишке жарамдуу өмүрүн декретте же ийкемдүү жумуштарда өткөрүшөт.
Каржылык сабатсыздык чечүүчү ролду ойногон турмуштук жагдайлар аялдар же насыялар менен чектелип калбайт. Чет жактагы мигранттар которгон миллиондор пайдалуу инвестицияга эмес, жеп-ичкенге, той-ашка кетери аныкталган. Ар бир экинчи насыя керектөөгө алынат, анын ичинде үй-бүлөлүк мааракелер да бар. Акыркы жылдары каржылык пирамидалар, анын ичинде турак-жай кооперативдерине ири суммадагы акчасын алдыргандар жүздөп саналууда. ИИМдин маалыматында, ушул жылдын 9 айында эле каржы пирамидалары боюнча 700 кылмыш иши козголду.
Эмне кылуу керек?
Калктын каржылык сабаттуулугун көтөрүү боюнча өкмөттүк программаны Улуттук банк ишке ашырып келет.УБ негизги иш чара катары “Финсабат” телеберүүсүн жана онлайн ресурсун белгилейт.
“Ошондой эле “Глобалдуу акча жумалыгы” жана
“Дүйнөлүк каражат топтоо күнү” маалымат берүү-агартуу кампаниялары
уюштурулуп турат, ага мамлекеттик жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар катышкан. Бул кампаниялардын алкагында
финансылык сабаттуулук боюнча бардык курактагы балдарга, чоңдорго
жана жаштарга арналган жана ылайыкталган лекциялар окулуп, финансылык
мекемелерге экскурсиялар, олимпиадалар, тренингдер жана башка иш-чаралар
өткөрүлгөн”, — деп билдиришти Улуттук банктан.
Совет доорундагы пландуу экономикадан рыноктук шартка чукул өткөн үчүн өлкөдө каржылык системалар тез аралыкта өстү. Азыр санариптик чечимдер өтө ыкчам өнүгүүдө. Элдин каржылык билими болсо бул жүрүштү кууп жете албай келет. OECD уюму Кыргызстандын жооптуу мамлекеттик структуралары финансылык сабаттуулук жаатында ырааттуу, узак мөөнөттүү жана туруктуу саясатты алып барыш керек деп эсептейт.
Экономист Кубан Чороев үй-бүлөлөр үчүн сунуштарын берди: эң биринчи кезекте каржы сабаттуулугу боюнча китептерди окуудан баштаган оң. Анан финансылык адаттарды калыптандырууга өтүү зарыл.
“Адамдын кирешеси аз же көптүгүнө карабай, тапканынын бери дегенде 10%ын сакташ керек. Аны банктагы бир эсепке салабы же банкада сактайбы маанилүү эмес, алгач акчаны чогултууга көнүш керек. Он пайыз кирешесин үнөмдөгөндөн үй-бүлөнүн жашоо сапаты өтө начарлап кетпейт. Бирок үнөмдөлгөн акча чогулуп, туура инвестицияга жумшалса, 5-6 жылда керекке жарайт”, — дейт эксперт.