Кыргызстанда пандемия учурунда көпчүлүк жарандар финансылык кыйынчылыктарга кабылган. Мындай шартта өлкөдө мыйзамсыз финансылык схемалар көбөйгөн. Алардын бири катары Сомо компаниясынын ишмердүүлүгү журналисттер тарабынан 2021-жылы иликтенген.
Финансылык тузак жана жабырлануучулар
Сомо компаниясы өзүн ломбард катары таанытып, иш жүзүндө микрокредиттик уюм катары кызмат көрсөткөн. Ломбарддардын негизги өзгөчөлүгү күрөөгө мүлк коюп, анан гана акча берүү экени белгилүү. Бирок Сомо мындай шарттарды аткарган эмес. Журналист Эльвира Султанмурат кызы бул тууралуу мындай дейт:
“Ломбард деп тааныштырып жатышканы менен алар чындыгында күрөөгө эч нерсе албай туруп эле адамдарга микрокредит берип келишкен. Алардын жылдык үстөк пайызы 60%га чейин жеткен, ал эми мыйзам боюнча 31%дан ашпоого тийиш болчу».
Журналист Эльвира Султанмурат кызы
Сомонун негизги тузагы – карызын төлөй албай калган адамдарга кайрадан жаңы насыя берүү болгон. “Мисалы, 3000 сом алып, аны жабам деп кайра үстүнө жаңы насыя алышат. Натыйжада, адамдардын карызы 50 000 сомго чейин жетип кеткен учурлар болгон”, – деп түшүндүрөт Эльвира Султанмурат кызы.
Ошондой эле, төлөө мөөнөтү өтүп кеткен сайын күн сайын жаңы пайыз кошулгандыктан, карыздын суммасы улам көбөйүп турган.
Психологиялык басым
Сомо компания карыз алган адамдарга психологиялык кысым көрсөтүүдө да атайын ыкмаларды колдонгон. Бул тууралу Эльвира буларды айтып өттү: “Карыз алган адам төлөй албай калса, алар психологдорду жалдап, коркутууларды колдонушкан. «Эгер төлөбөсөң, милиция же опер кызматкерлери менен келип, кармап кетебиз» деп психологиялык басым көрсөтүшчү. Бул адамдарды дагы да кыйналып, көйгөйү менен жалгыз калууга мажбур кылчу”, – дейт ал.
Компаниянын кайра түзүлүшү жана улантылган ишмердүүлүк
Сомо компаниясы изилдөөлөрдөн кийин жабылган, бирок андан соң жаңы аталыш менен кайра ачылган. Алгач «Замат.kg», андан кийин «Доки.kg» аттуу бренддер менен ошол эле схемаларды ишке ашырган. “Биз изилдеп көрсөк, Сомо жабылган соң дароо эле башка ат менен ишмердүүлүгүн улантыптыр. Кеңсесинин дареги ошол эле бойдон калган, болгону аталышы өзгөргөн», – дейт Эльвира.
Жөнөкөй паспорт менен келишим түзүү: Чоң капкан
Карыз алуу жолдору өтө жеңил болгондуктан, көптөр «күрөөгө эч нерсе койбой эле насыя алдым» деп сүйүнүп калышкан. Бирок мындай учурда жарандар жөнөкөй паспорт аркылуу келишим түзгөндө, мыйзамдуу жоопкерчиликти өзүнө алганын түшүнбөй калган учурлар көп кездешкен. Эльвира бул тууралуу мындай дейт:
«Келишим түзүлгөндө анын шарттарын кылдат окуп чыгуу керек. Айрыкча, ал компаниянын дареги, жетекчилери тууралуу ачык маалымат бар-жогун текшерүү зарыл. Жетекчиси ким, кеңсеси кайда, лицензиясы барбы, улуттук банктан текшерүү зарыл. Эгерде ачыктык жок болсо, Жашыруун иштеген, ээлери тууралуу маалымат жок компаниялардан алыс болгула. Бул шылуундардын тузагына түшүп калуунун алдын алат”, — деп эскертет.
Базарларда филиал ачуу жана социалдык жактан аялуу топторду пайдалануу:
«Сомо» көбүнчө Бишкекте иштеп, филиалдарын Дордой жана Ош базарларына ачкан. Социалдык жактан аялуу топтор – пенсионерлер, жалгыз бой энелер, оорулууларга жардам издеген үй-бүлөлөр – компаниянын негизги кардарлары болгон.
«Мындай адамдар муктаждыктын айынан насыя алып, компаниянын кысымына кабылышкан. Карызды төлөй албаган учурда, аларга психологиялык басым жасалган: “Оперлер менен барып кармап кетебиз” дегендей коркутуулар болгон. Бул көйгөйлөрдөн улам жабырлануучулар өздөрү жалгыз калганы абдан өкүнүчтүү», – деп белгилейт Эльвира.
Кантип чара көрүү керек?
Эльвира Султанмурат кызы жарандарды мыйзамсыз иштеген компаниялардан сак болууга чакырат:
«Мындай учурда жарандар эң биринчи укук коргоо органдарына, Улуттук банкка же Финансылык көзөмөл органына арыз менен кайрылуусу зарыл. Бул органдар насыя компанияларынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, мыйзамсыз иштерди токтотууга милдеттүү. Ошондой эле, кардарлар мыйзамдуу банктарга гана кайрылышы керек».
Эльвира Султанмурат кызы адамдарды «тузакка» түшүрүүдө колдонулуучу психологиялык басым тууралуу да айтып өттү. Мындай схемаларда адамдарга сылык мамиле көрсөтүп, аларды кофеге чакыруу же башка жылуу мамилелер менен ишенимге кирүү аракеттери байкалат. Акча салганга чейин көрсөтүлгөн көңүл буруу, акча салгандан кийин жоголот. Кээ бир учурларда алар насыя алууга же мүлктү сатууга түрткү берип, алынган каражатты компанияга салууну талап кылышат. Бул учурда адамдардын каржылык көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын колдонуп, алардын сезимдери менен ойношот.
Ошондой эле бул схемаларга катышкан адамдардын айтымында, пирамиданын башында тургандар өздөрүнүн байлыгын көрсөтүп, кымбат кийим кийип, эл көзүндө бай жашоо образын чагылдырууга аракет кылышат. Муну менен алар «сен дагы ушундай жашоо менен жашай аласың» деген иллюзияны жаратат. Бирок чыныгы ийгиликтүү ишкерлер мындай көрүнүштөрдү колдонбойт.
Алдамчылык схемаларына кабылган адамдар укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Улуттук банк жана финансылык көзөмөл органдары аркылуу компаниянын лицензиясын жана мыйзамдуулугун текшерүү зарыл. Мындай иш-чаралар алдамчылыкка каршы күрөшүүдө негизги кадамдар болуп саналат.
Медиа сабаттуулуктун мааниси
Сомонун схемалары көптөгөн адамдарга финансылык зыян алып келген. Эльвира Султанмурат кызы, «МедиаХаб» журналисти, бул маселени ачыкка чыгарып, санарип шылуундук менен күрөшүүдө медиа сабаттуулукту жогорулатуу зарылдыгын белгилейт: “Эл оңой акчага алданып, жогорку пайыздардын капканына түшүп калбашы үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуу абдан маанилүү. Мындай схемаларга каршы күрөшүүдө маалыматтык коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу керек”, – деп жыйынтыктайт ал.
Айгерим Кубатбекова, Айпери Марлесова
Редактору: Назира Жусупова