Ак-Талаа районундагы Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүнө жаңы музыкалык инструменттер келди. КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен 300миң сом каражат бөлүнүп, тендер жарыяланган. Жыйынтыгында 274миң 200сомго компьютердик комплект, урма аспап, соло, бас гитара жана сабвуфер (басс жана суб-басс сыяктуу басстарды чыгарган динамиктин бир түрү) колонкасы алынып келинди.
Жандуу үн менен ырдоо колго алынат
Бас жана соло гитара
Маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын айтымында мындан 30 жыл мурда келген гитара, урма аспаптар эскирип жок болгон. “Азыр эми элдин табити жандуу үнгө басым жасап калбадыбы. Ошого байланыштуу биз да жандуу үндү коштогон инструменттерди алып жатабыз. Буюрса инструменттерде ойноону колго алабыз” деди ал.
Барчын Мамытбекова