Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Үч-Терек айылындагы Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиев атындагы маданият үйү капиталдык ремонттон өтүп, бүгүн салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.

Тууганбай Абдиев атындагы маданият үйү
Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.Сулайманов, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, айыл өкмөт башчысы Р.Омурканов, маданият кызматкерлери, коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Биздин айылдагы маданият үйү 1988-жылы курулуп, буга чейин бирда жолу оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн «Атайын эсеп» ММ — 300 миң, райондук өнүктүрүү фондусунан — 1 млн сом, облустук өнүктүрүү фондунан — 8 млн., 904 миң сом, жалпы 10 млн., 204 миң сом акча каражаты сарпталып бүгүн ишке берилди» деп билдирди Үч-Терек айылынын өкмөт башчысы Рамис Омурканов.

Даярдаган: Азема Сабырбекова.
367