2024-жылдын 13-декабрында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде “Жалпы билим берүү” циклынын жумалыгынын алкагында аскер жетекчиси Жапаев Казыбек Насирдинович тарабынан “Аскердик-спорттук” оюндар өткөрүлдү.Иш-чара атайын түзүлгөн Жобонун негизинде жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер өздөрүнүн даярдыгы жана жоопкерчилиги менен иш-чараны жандуу өткөрүштү. Жободо көрсөтүлгөн ар бир тапшырманы так жана туура аткарууга өзгөчө маани беришти.
Маалымат Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин Фейсбук баракчасынан алынды.
Хадия Үсөнова