Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде 12- декабрда «Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү» жөнүндө улуттук программанын негизинде иш чара өтүлдү. Иш чарага 6-9-класстын окуучу кыздарынан куралган «Кыз бурак» жана «Улуу баян» командалары катышышты. Бул иш чаранын өзгөчөлүгү кыздары менен кошо апалар да иш чарага катышканы болду
Кыргыз мамлекеттин өнүгүшүнүн негизи болгон улуттук нарк аркылуу кылымдар бою кошуна элдер менен жанаша жашап, тарыхтын тереңинде жок болуп же башка элдерге сиңип кеткен эмес, атын жоготпой, тарыхта өз изин калтырды.
Улуттук каада салт номери
«Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн биз руханий жактан өнүккөн, билим деңгээли жогору, элибиздин тарыхын мыкты билген, башка элдердин наркын, үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана ишенимдерин сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, башка тилдерди билген, тышкы жана ички чакырыктарга туруктуу болгон кыргызстандык жаранды тарбиялашыбыз керек.
Ушул максатта «Улуттук нарк- улут уңгусу», «Кыздар- коомдун күзгүсү» лозунгдун астында иш чара өтүлдү
Кыргыз бийи номери
Кыргыз бийи
Кол өнөрчүлүк номери
Улуттук кийимдер номери
Командалар
Алып баруучулар
Командалар иш чарада жогорку деңгээлдеги даярдыктарын көрсөтүштү.Натыйжада «Улуу баян» командасы алдыга чыгып, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Сыягул Урбаева, Айнура Абдыжапарова, Кымбат Иманова ,Тынара Сатарова демөөрчү болуп, командаларга акчалай сыйлык беришти.