Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун жаңы тартиби күчүнө кирди. Эми абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт. Бул жылы кышкы тестирлөө 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт. Каттоо 17-октябрдан 27-октябрга чейин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде болот.
Жаңы жобо боюнча эми ЖОЖго жайкы жана кышкы кабыл алуу болот. Кышкы кабыл алуу жайындагы сынактардан кийин бош калган орундарга жүргүзүлөт. Мындан улам, жалпы республикалык тестирлөө да жылына эки жолу өткөрүлөт. Тагыраагы ЖРТга катыша албаган же окуу жайга тапшыра албай калган абитуриенттер жарым жылдан кийин кайрадан тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. Кышкы кабыл алуу окутуунун контракттык негиздеги келишим боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.
Тестирлөөгө мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими барлар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдар гана катыша алат.
Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн (кышкы кабыл алуу) абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө буйругу бекиди.Буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу тартибинин негизинде бекитилди.
ЖРТга даярданууда эмнелерди эске алуу керек?
Бүтүрүүчүлөгө кеңеш: ЖРТ күнү өзүн кандай алып жүрүш керек?
ЖРТда окуп түшүнүүнү кантип ийгиликтүү тапшырса болот?
ЖРТ тапшырууда предметтик тесттерди тандоо маанилүү
Айгерим Кубатбекова