2024-жылдын 5-декабрында Терек-Суу айылында “Жарык чачкан жүрөктөр”- деген темада кайрымдуулук кечеси болуп өттү. Кечени мектептин соц педагогу Турсункан Абдыгулова уюштурду. Бул кечеге мектеп окуучулары жана жалпы мугалимдер катышышты. Биздин иш-чарага ажылык сапардын акчасын балдарга, жетим-жесирлерге жумшаган , көптөгөн кайрымдуулук иштерди жасап жүргөн Анаркан апабыз конокко келди. 70 жаштагы апа Осмонкулова Анаркан Акишовна Турусбек мектебинин окуучулары

“Мен 70 жаштагы пенсионермин. Токтогул районунун Курама уулу Турусбек (мурдагы Карл Маркс)атындагы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсүмүн. Үйдө олтуруп 70 жаш юбилей өткөрбөй эле, ошол акчаны мектептердеги балдарга берейин деп ойлонуп мектебиме келдим. Өзүм кур келбей 20000миң сом акчаны 1000сомдон кылып 20 окуучуга таратып бердим. Мага арнап мектеп окуучулары чакан концерттик программа тартуулашты. Буга чейин ажылык сапарга деп чогулткан акчаларды Бел-Алды айылындагы мектептеги балдарга да 20000миң сомдон 20 окуучуга белек кылдым. Мындан ары дагы колумдан келишинче соопчулук иштерди жасайм деген ой-тилек максаттарым бар”-дейт Анаркан Осмонкулова апабыз.

“ Бүгүнкү иш-чарага келип катышып өзүнүн үлгүлүү иштерин жаштарга сабак катары көрсөтүп, тарбиянын маңызын ачып берген, Анаркан апабызга чын ден-соолук, узун өмүр, бактылуулукЮ арышыңыз арыбай үлгүлүү иштерди жасап жүрө бериңиз “деп ыраазычылык билдирди мектеп директору Дөөлөтбек Кожомуратов.

Даярдаган: Жаныбекова Айзирек, Азем Сабырбекова.