3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында тегерек стол өттү.
Тегерек столго райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышышты.
Райондун акими А.А.Тюкебаев мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрүлүп жаткан камкордуктарга, колдоолорго токтолуп, мамлекет тарабынан кепилденген социалдык жардамдардын жеткиликтүүлүгү тууралуу маалымдады.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ооруканаларда атайын шарттар менен түзүлгөн палаталардын жоктугу, реабилитациялык борбор куруу, алар үчүн соода-сатык кылууга атайын жер берүү, эс алуу жайын уюштуруу ж.б. маселелер менен кайрылышты.
«3-декабрь-ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата райондук мамлекеттик администрациянын 2024-жылдын 13-ноябрындагы «Биз биргебиз!» аталышындагы бир айлык акция жарыялоо жөнүндө № 74 токтомдун негизинде райондун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо максатында маданий мекемелерде атайын иш чаралар уюштурулууда, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жалпы 538 500 сом каражат бөлүнүп, 808 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жумшалды» дейт Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев.
Райондун акими А.А.Тюкебаев тегерек столдо айтылган маселелер протоколдук негизде аткарууга алынаарын белгилеп, шаар мэрине, айыл өкмөт башчыларына көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн натыйжалуу иш алып баруу тапшырмасын берди.
Даярдаган: Айтурган Акимжанова.