2024-жылдын 6-декабрында Терек-Суу айылындагы Турусбек атындагы мектептин окуучулары “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш уюштурушту. Иш-чарага мектептин жалпы окуучулары, мугалимдер жана жергиликтүү милиция кызматкерлери активдүү катышты.
Жөө жүрүштүн негизги максаты – зордук-зомбулуктун алдын алуу жана коомчулукка тынчтыкты жайылтуу боюнча маалымат берүү болду. Катышуучулар атайын плакаттарды көтөрүп, айыл тургундарына зордук-зомбулукка каршы биргеликте күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өтүштү.
Турусбек мектебинин окуучулары
Мектеп парламенттин президенти Абдылас Анжыров: «Бүгүнкү жүрүштүн максаты — айылыбыздагы кылмыштуулукту жокко чыгарып, айыл элинин жана жаштардын келечеги үчүн күрөшүү. Айыл элин жана жаштарды зомбулуксуз жашоого үндөө менен ар бирибиз сүйүү, ынтымак жана теңдик бар үй-бүлөдө, коомдо жашаганга укугубуз бар экендигин көрсөтүү болду» деп билдирди.
Анын айтымында, мындай иш-чаралар аймактагы жаштардын аң-сезимин ойготуп, зордук-зомбулукка каршы күрөштө маанилүү кадам болуп саналат. Абдылас Анжыров келечекте дагы ушундай иш-чараларды өткөрүп, айылды тынч жана коопсуз кылууга салым кошууга чакырды.
11-класстын окуучусу Зарина Урматбекова: «Кылмыштуулуктун алдын алуу жана элдерди зордук-зомбулуксуз жашоого үндөө менен ар бир үй-бүлөдө тынчтык, ынтымак, улуу-кичүүнү сыйлоо болгондо гана жаштар жаркын келечекте жашай алышарын түшүндүрүү — бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты болду» деп өз оюн билдирди.
Заринанын айтымында, мындай демилгелер коомдо зомбулуктун кесепетин түшүнүүгө жана анын алдын алууга жардам берет. Ал жаштардын зомбулуксуз коомдо жашоо укугун баса белгилеп, бул багытта биримдикте иш алып барууну сунуштады.
Мектептин директорунун орун басары Урмат Ашырбаев: «Бул жөө жүрүш жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө жана жаштарга карата зомбулуктарды болтурбоо максатында уюштурулду» деп билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери кызматтык автоунаалар менен жүрүштүн катышуучуларын коштоп, алардын коопсуздугун камсыз кылышты. Бул аракет жөө жүрүштүн тынч жана тартиптүү өтүшүнө шарт түздү.
Иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө Батма Камчыбекова менен Азем Сабырбекова чоң салым кошушту. Алар бул демилге жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатып, тынч жана коопсуз коом түзүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдиришти.
Даярдагандар: Батма Камчыбекова, Азем Сабырбекова.