2024-жылдын 4-декабрь күнү Балыкчы ШИИБ Балыкчы шаарындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары менен биргеликте 25-ноябрь – “Эл аралык аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу күнүнө” карата өтүп жаткан “Зомбулукка каршы 16 күн” кампаниясынын алкагында жөө жүрүш уюштурулду. Бул иш-чара зомбулукка каршы коомдук аң-сезимди көтөрүп, аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга максатталган.
Иш-чаранын катышуучулары:
• Ж.Э. Абыканов – Балыкчы ШИИБдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги;
• У. Өскөнов – ТЖСнын тескөөчүсү, милициянын капитаны;
• А.Ш. Абдыразаков – КККнын МАЫОнун тескөөчүсү;
• Жакыпов Эрнис Темирбекович – ЖИИнин башчысы, милициянын капитаны;
• Давлетова Ширин Кермакуновна – ЖИИнин тескөөчүсү, милициянын капитаны;
• Турсуналиева Нургүл Жакшылыковна – ЖИИнин тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты;
• Б.С. Туркөбаев – мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары;
• Н.Т. Рахматова – мектептин соц.педагогу жана окуучулар.
Жөө жүрүштүн ураандары:
• “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!”
• “Зордук-зомбулуксуз жашоо үчүн!”
• “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук токтосун!”

Адинай Идирисова