Бүгүн 18-март күнү Кочкор районунун ар бир айыл өкмөтүнүн жардамга муктаж үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам берилди.

Кайрымдуулук фонддунан келген азык-түлүк жардам
Гуманитардык жардамды өтө жакыр үй-бүлөлөргө Бишкек шаарында жайгашкан «Ихсан-Хайрия» коомдук кайрымдуулук фондунун кызматкери Исламбек Мырзаакимов жана фонддун ыктыярчылары келип тапшырышты:
«Бул иш-чара Бириккен Араб Эмираттарынын эмири -Шейх Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум тарабынан жарыяланган «Миллиард порция» аттуу акциянын алкагында азык-түлүк топтомдорун таратуунун экинчи этабы башталды. Гуманитардык азык-түлүктүн жалпы саны 250 тоннанын чамасында. Жардамга муктаж жакыр 250 үй-бүлөнү ар бир айыл өкмөтү көрсөтүп берди. Азык-түлүк топтомдун ичинде күнүмдүк керектүү азыктар бул: ун, шекер, туз, күрүч, өсүмдүк майы, чай жана башка түрлөрү бар».

«Ихсан-Хайрия» коомдук кайрымдуулук фонддунун кызматкери Исламбек Мырзаакимов
Ал эми Кочкор айылынын тургуну Замира Алымова бүгүнкү гуманитардык жардам алууга келип ыраазычылык билдирүү менен кайрылды:
«1 кыз, 1 уулдун жалгыз бой энемин. Уулум 33 жашта 2- группадагы инвалид, өзүм эч жерде иштебейм? анткени уулум менин кароомдо. Бүгүнкү жардам берген фонддун кызматкерлерине чоң ыраазычылык билдиргим келет».

Кочкор айылынын тургуну Замира Алымова
Каныбек Абылов Кочкор айылынын тургуну, 4 баланын атасы бүгүнкү иш-чара боюнча кийинки сөз айтып кетти: «Азыркы күндө гуманитардык жардамга муктаж адамдарга көңүл буруп жаткан кайрымдуулук фонддун жетекчиси жана Бириккен Араб Эмираттарынын эмирине чоң рахмат айткым келет. Алган азык-түлүк биздин үй-бүлөгө чындап керек турган, анткени өзүмдүн туруктуу жумушум жок, ижарага алган батирде төрт балам менен жашайм»- деп сөзүн аяктады.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Эрмекбай Омошев «Ихсан-Хайрия» коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Магомед Магомедовго Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын атынан ыраазычылык кат тапшырды.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын атынан ыраазычылык кат тапшыруу учуру
Темирбек кызы Адеми, Канайым Мирланова