СЖыл сайын мектеп жамаатында аялдар көбөйүүдө. Мунун менен катар жетекчилердин басымдуу бөлүгүн аялдар түзө баштады. Нарын облусунун Нарын районунда 34 мектеп бар. Алардын ичинен 21 мектепти аял мугалим жетектейт.
Ж.Мамбетов атындагы орто мектебинин мугалими Алена Калназарова төрт жылдан бери мектепти жетектеп келет. Ал иш мөөнөтүнүн ичинде бир нече долбоорду ишке ашырып, мектептин инфратүзүмүн чыңдоого жетишкен.
“2018- жылдан тартып мектептин жетекчиси кызматын аткарып келе жатам. Жетекчилик кызматта иштегенден бери АРИС агенттиги менен иш алып барып 2019- жылы 914 400 сомго заман талабына ылайык компьютердик класс жабдылып, 21 компьютер, компьютердик стол, стулдар, 3 интерактивдик доска, 4 видео камера, түстүү принтер, ксерокүрмө, ж.б.техникалык каражаттар алынып келинген. 2021- жылы Агахан уюмуна долбоор жазып, 343400 сомго 1- корпустун эшик, терезелери алмаштырылып, мектептин үстү жылууланып, потологу алмаштырылды. Мектептин залдарынын жарыктандыргычтары жаңыртылды. Ал эми 2- корпустун залын 40 000 сомго жасалгалоо иштерин жүргүзө алдык,”— деди ал.
Ж. Мамбетов атындагы орто мектебинде бардыгы 27 мугалим эмгектенет, алардын 85% аялдар түзөт. Алардын чыгармачылыгын арттыруу максатында мектеп ичинде ар кандай кароо сынактар уюштурулуп турат.
“Мектепте 8-март күнүнө карата “Жыл мугалими-2023″ кароо сынагы өткөрүлдү. Жалпы 12 мугалим катышып, өз билимин, талантын сынап көрө алышты. Мындай сынактар мугалимдердин чыгармачылык иш аткаруучулугун, билим деңгээли өнүктүрүүгө багыт берет. Жыйынтыгында, ар бир катышуучунун эмгеги бааланып, кызыктыруучу белектер берилди,”-дейт Алена Калназарова.
Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебин учурда Назгүл Кадырова жетектейт. Ал экинчи ирээт жетекчи болуп шайлануусуна мектеп жамааты себеп болгон. Анын жетекчилигинде мектеп бир нече долбоор менен иш алып бара алган. Назгүл Кадырова мектеп жамаатынын санариптүү болушу ийгиликтерди багындырууга көмөк көрсөтөрүн баса белгиледи.
“Мен он жылдай директорлук кызматта болдум. Экинчи ирээт конкурска катышуума эң негизги кесиптештеримдин сунушу жана келечекте ишке ашырууга пландалган иш аракетим түрткү болду. Мектебибизде мугалимдердин кесипкөйлүгүн арттыруу максатында ар кандай кароо-сынактарга катыштырып турабыз. Өлкө боюнча өткөрүлгөн “Санарип Мугалим” сынагында мектебибизде эмгектенген эжейлерибиз бир катар ийгиликтерди багындыра алышты. Роза Акматова 1-орун, Гулина Иманкулова 2-орун, Индира Мөндүрбаева 5-орунду камсыз кылып, чет өлкөгө эс алууга жолдомо утуп алышкан. Алар онлайн платформаларды жогорку деңгээлде өздөштүрүү менен, башкалар менен дагы тажрыйбаларын бөлүшүп келишет,”— дейт Назгүл Кадырова.
“Открытая линия” уюмунун координаторунун жардамчысы, гендердик эксперт Гульзат Мукалиева мектеп жамаатында гендердик теңчиликти сактоо маанилүү экенин айтат:
“Илгертеден бери эле кыздарга көбүнчө мугалим, дарыгер, балдарга айдоочу, инженер, милиционер сыяктуу кесиптерди таңуулушкан. Бул өз кезегинде коомдо калыптанып калган стереотип болуп эсептелет. Учурда билим берүү тармагында аялдар көбүрөөк иштешет. Ал эми эркек мугалимдер дагы көбөйө турган болсо, коомдо адамдардын тең салмактуулугуна, тең укуктуулугуна дагы көп көңүл бөлүнө баштайт.”
Жергиликтүү бийликтин депутаты, башталгыч класстын мугалими Клара Абдыкадырова мектепте тең салмактуулук сакталса жакшы натыйжа берет деп эсептейт:
“Биздин мектепте жалпы 46 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 36 аял жолдоштор. Билим берүүдө жеке эле аялдардын эмес эркектердин да ролу маанилүү. Кандай гана жумуш болбосун тең салмактуулук сакталса, жакшы натыйжа берет деп ойлойм. “Мектеп агайларга муктаж” акциясынын алкагында биздин мектепке дене тарбия мугалими конкурстун негизинде тандалып алынды. Бул аз да болсо мектеп жамаатында эркек мугалимдердин санын көбөйтүүгө себеп болду.”
Кыздардын мугалимдик кесипти тандап алуусуна илгертеден калыптанып калган айрым түшүнүктөр дагы себеп болот. Ал эми “кыздар тарбиячы”, “кыздар балдарды жакшы карайт”, “кыздар мугалим болушу керек”, ж.б. ушул сыяктуу көз караштар эркек балдардын аң сезимине терс таасирин тийгизүү менен мугалимдик кесиптен алыстатышы мүмкүн. Мектеп агайларга дагы муктаж.
Акылай Алмазбекова