Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында айыл өкмөт жана жарандардын колдоосу менен кайрымдуулук пункту ачылды. Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын айтымында мындай кайрымдуулук пункттарын аймактагы айылдардын ар бирине ачуу пландалган.
“Бул пунктту ачуу үчүн демөөрчү издеп, ар кандай уюмдар менен байланыштык. Аялдар, балдар жана эркек кишилер үчүн кийимдер чогултулду. Бишкек шаарындагы “Жетим балдарды укугун коргоо” коомдук фондунан 1тонна кийим алып келдик. Айылдын патриот уулдары Кариев Талант, Орозалиев Чынгыз, Исраил уулу Сабырбек, Нусупов Рүстөм, Дөөлөтөв Нурбек 8000 сомго кийим илгич алып беришсе, Учугунова Гульмайрам эже 20000 сомго, Итикулов Алтынбек 15000 сомго жаңы кийим-кечек сатып беришти. Ошондой эле Бишкек шаарынан алынып келинген 1тонна кийимдин жол акысына Артыков Мамбеткалый 2000 сом, Абдраимов Солдатбек 1000 сом жана айыл өкмөт кызматкерлери колдоо көрсөтүп төлөп беришти. Бүгүн 30дай тургунга кийим тараттык» деди А.Медетова.
Аталган кайрымдуулук пункт күн сайын 14.00дөн 18.00гө чейин ачык болуп, муктаждарга керектүү кийим-кечектер берилет жана жардам кабыл алынарын кошумчалады.
Гүлбарчын Мамытбекова