Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 2001-2002-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык кечени өткөрүү менен айыл элине кайрымдуулук иштери жүргүзүштү. Алар Казан-Куйган жана Оттук айылдарында жашаган 10 үй-бүлөгө бирден торпок тартуулашты.
Алардын айтымында, президенттин жарлыгына ылайык иш жүргүзүү менен башкаларга да үлгү болуу керек.
«Мектепти бүткөнүнүбүзгө быйыл 20 жыл болду. Кайрымдуулук иштерин биз өзүбүздүн классташтарыбыз менен бир кеңешке келип, колдоого мукташ үй бүлөлөргө жардам берели деп чечтик. Чогулткан акчаларыбызды ичип жеп, чачып салганда деле эч тыянак чыкпайт экен. Ошондон улам биз ушундай иш жүргүзүүнү туура көрдүк. Анан дагы президенттин дагы ысырап корчулукка жол бербегиле дегенге баш ийдик. Биз жалпысынан 10 үй-бүлгө кайрымдуулук кылдык. Казан-Куйгандан 5 үй бүлөгө, Оттукттан 5 үй бүлөгө торпок бердик», — деди Кубан Кендирбаев.
Элмира Солтонкулова мектеп ичиндеги өзгөрүүлөр тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
«20 жыл ичинде мектепте чоң өзгөрүүлөр болуптур. Биздин угушубузга караганда, мектеп республика боюнча 5 мектептин инновациялык мектептердин катарына киргендиги биз үчүн да сыймык. Инновациялык мектеп катары кабинеттер окуу куралдары, техникалары менен камсыз болуптур. Окуучулар үчүн билим алууга жакшы шарттар түзүлгөн экен. Мектебибизди көрүп кубанып отурабыз»,- деди ал.
Бүтүрүүчүлөр жеке эле айыл элине эмес, мектепке да белектерин тартуулай алышты. Окуучулардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында теннистик стол белекке берилди. Муну менен катар, билим берген агай-эжейлерине ыраазычылыктарын айтуу менен, жетектеп келген класс жетекчилерине алтын шакек тартуулашты.
Калыс Өмүрзаков мектеп окуучуларын ынтымакка чакыруу менен эли-жерине кызмат кылуу керектигин баса белгиледи. Алар кайрымдуулук иштерин муну менен гана чектелбестен, мындан ары да улантуу пландарында бар экендигин айтышты.
Аяна Ырысбек кызы, Наиля Жанарбек кызы