Бүгүн Ак-Талаа районундагы билим берүү тармагында эмгектенген агартуучулар, тарбиячылар үчүн «Мугалим-коомдун күзгүсү» аталышындагы жыйынтыктоочу салтанат уюштурулду. Салтанатка быйылкы окуу жылында мектептерде, бала бакчаларда эмгектенген алдыңкы жана ардагер мугалимдер, тарбиячылар, эл аралык сынактарда, облустук, республикалык олимпиадада жана спорттук иш-чараларда жеңүүчү болгон өкүлдөр чакырылып, демөөрчүлөр, билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Салтанатка келген мугалимдер


Салтанатка ардагер мугалимдер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты

Алгач, Б.Календеров атындагы орто мектебинин жаш мугалими Орособек уулу Оңолбектин “Ааламга саякат” аттуу астрономия предмети боюнча Польша мамлекетинин “Асман алдында” долбоору аркылуу келген телескоп боюнча презентациясы болду. Райондук маданият үйүнүн жасалгасын ушул темада “Ааламга саякат” темасы менен Б.Календеров атындагы орто мектебинин жамааты чыгармачылык менен жасалгалап, иш чаранын өтүлүшүндө өзгөчөлөнгөн маанай тартуулашты.

Оңолбек Орособек уулу презентация жасоодо

Салтанатты билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев ачты:

Каныбек Эсеналиев-райондук БББ башчысы
«Быйыл мугалимдер жана тарбиячылар мыкты ийгиликтерди көрсөтө алышты. Окуучулар облустук, республикалык олимпиадаларда алдынкы орундарды камсыз кылышса, мектеп мугалимдери эл аралык жана республикалык «Санарип мугалим» ж.б көптөгөн сынактардын жеңүүчүлөрү болушту. Мындан ары дагы сиздер менен бирге иштеп, келечек ээлерине татыктуу тарбия берип, ийгиликтерди жарата берели»,-деди.

Астра Токтогулова(солдо биринчи) Орус элчилигинин Ардак Грамотасы, Маша Чыныбаева (солдо экинчи)-«КРнын Эмгек сиңирген мугалими»-наамына, Анархан Султангазиева КРнын Президентинин Ардак Грамотасы, Нургул Макелеева (ондо экинчи) -«КМШ мамлекеттеринин БББнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды
Ал эми райондун акими Жумадилла Жапаров мугалимдер келечек муундун саяпкери деп баса белгиледи.

Жумадилла Жапаров-райондун акими куттуктоо сөз сүйлөөдө
«Мугалим жанылыктын жарчысы деп бекеринен айтылбаса керек. Чындыгында мугалим коомдо орду бийик зор күч. Ал урпактардын устаты, коомдун саяпкери, бейпилдикке данакер инсан. Мугалим илгертеден кадыр-баркы, билимдин кенчи, булагы болуп келет. Биздин бардык жетишкен ийгиликтерибиз ириде мугалимдерге байланыштуу. Коомду жаркын максаттарга жетелеген мугалимге кандай алкыш айтсак дпгы жарашат. Коомду сиздердин эмгек гана алдыга жылдыра алат»,- дейт.
Салтанатта 2021-2022-окуу жылында окуучулары менен бирге ийгилик жараткан агартуучуларга, сынактардын жеңүүчүлөрүнө райондук билим берүү бөлумүнүн, райадминистрациянын, облустук усулдук билим берүү борборунун, кесиптик бирликтер уюмунун сыйлыктары тапшырылды.

Гулзада Жоробекова «Биринчи мугалим» сынагынын жеңүүчүсү

Жылдыз Таялиева «Санарип мугалим» төш белгисинин ээси


«Санарип мугалим» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрунө Ыраазычылык кат тапшырылды


Республикалык «Санарип мугалим» сынагынын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү

Ал эми КРнын Эмгек сиңирген мугалими Акин Токтосунова мугалимдерди жаңычыл болууга, замандан калбай изденүүгө, чыгармачылык менен иштөөгө чакырды.

Акин Токтосунова-КРнын Эмгек сиңирген мугалими, ардагер
Салтанаттуу иш-чара мугалимдердин жана балдар билим борборунун концерттик программасы менен коштолду.



Барчын Мамытбекова