25-26-27-апрель күндөрү Суусамыр өрөөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Азыгалиевдин демилгеси менен айыл элинин ден-соолугун чыңдоо максатында “Хиппократес” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Ли Жухваг мырза баштаган дарыгерлер тобу келип, калкты акысыз текшерүүдөн өткөрүштү. Анда гинеколог, УЗИ, иглотерапия, стоматологиялык кызматтар көрсөтүлдү.
«Хиппократес» кайрымдуулук коомдук фондунун жетекчиси Түштүк Кореядан келген дарыгер Ли Жухваг кыргыз элине медициналык жактан жардам берүүнү каалагандыгын мындайча айтып берди:
«Мен алгач Кыргызстанга 2010-жылы келгем. Кореяда 10-жыл тиш дарыгери болуп эмгектенгем.Кыргызстанга келгенде биринчи кезекте кыргыз тилин үйрөнүп, Кыргызстан үчүн эмне кылсам деп ойлондум.
Анан Степное айылында стоматологиялык клиника ачып, 3-жылдай иштедим. Ошол жерден дагы Кыргызстан үчүн эң керектүү нерсе эмне экендигин ойлонуп, аялым менен кеңешип, врачтардын жетишсиз экендигин билип, калкка медициналык жардам берүүнү чечтим.Мен Кореядагы дарыгер досторум менен сүйлөштүм. Алар мени колдошуп жардам беришти. Мен 2013-жылы Кореядан стоматологиялык автобусту алып келдим.
Ошол убакта Орто Азия боюнча мындай автобустан бирөө эле болуучу. Биринчи кезекте Чүй облусундагы “Майыптар үйүнө” мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берип баштадым. Андан кийин эч ким барбаган жерге барып жардам берем деп чечтим. Ошондон бери Кыргызстандагы эң алыскы аймактарга барып баштадым.
Биринчи жолу Баткен областынын Кадамжай районундагы чек арага чектешкен Советское айылына бардым. Андан кийин Кыргызстандын жети облусундагы эң алыскы айылдарга барып келатам. Ал эми пандемия учурунда гана мүмкүнчүлүк болбой калды. Быйыл кыдырууну жаңыдан баштап жатам. Мени кубантканы жакшы дарыгерлер менен бирге иштеп чогуу жүргөнүм. Мени колдогон демөөрчүлөрүм Кореядагы досторум дарыгерлер. Мен эмне иш кылсам сүрөткө тартып досторума жиберип турам. Алар менин дагы да жардам беришимди каалашат.
Менин эң негизги максатым кыйынчылыкта жашагандарга жардам берүү болуп саналат. Мен Суусамыр өрөөнүндөгү айылдарга да барам. Мага Кыргызстан аябай жаккандыктан бул жакта жашап жатам. Мындан ары дагы аймактарга жетишсиз дарыгерлерди алып барууну каалайм. Биздин командада азыр гинеколог, УЗИ, иглотерапевт жана тиш дарыгери гана бар. Эми мындан ары кардиолог жана балдар дарыгерлери менен сүйлөшүп иштешүүнү каалайт элем”, -деди дарыгер.
Ал эми кайрымдуулук фондун жасап жаткан ишине ыраазычылык билдирүү менен Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан фонддун жетекчиси дарыгер Ли Жухваг мырзага ыраазычылык кат тапшырылды.
Азиза Тамчиева