Ак-Талаа районунда айыл чарбасын каттоо өнөктүгү активдүү жүрүп жатат. Өнөктүктү өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү максатында район боюнча 1 өкүл, 1 башкы адис жана 2 координатор дайындалган. Мындан тышкары, айыл аймактарда 8 инструктор жана 29 каттоочу иш алып барууда.

Каттоо учуру (Сүрөт архив)
Ак-Талаа райондук статистика башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда 4054 кожолук каттоодон өттү. Бул жалпы пландын 50,9 пайызын түзөт.
Башкармалыктын жетекчиси А. Андашов билдиргендей, быйылкы каттоонун өзгөчөлүгү анын электрондук форматта жүргүзүлүп жатканы. Каттоонун жүрүшүндө айыл чарба жерлеринин абалы, эгин аянттары, мал жана канаттуулардын саны, ошондой эле айыл чарба техникалары тууралуу так маалыматтар чогултулууда. Өнөктүктү 10-апрелге чейин жыйынтыктоо пландалууда.
Белгилей кетсек, айыл чарба каттоосу өлкөдө 10 жылда бир жолу өткөрүлөт. Бул иш-чара тармактын реалдуу абалын аныктап, мындан аркы өнүгүүсүнө багытталган маанилүү улуттук статистикалык долбоор болуп саналат.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова