Каргалык айыл өкмөтү тарабынан 18 жашка чейинки жана 1-2-3-топтогу майыптыгы бар жарандар чакырылып, фуршет уюштурулуп, чакырылган конокторго акчалай белектер берилди.
Иш чарага Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан Акунова, айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Индира Курманбаева, комитеттин төрагасынын орун басары Назгүл Токтоболотова, комитеттин мүчөсү Жумагүл Бекчоро кызы катышты.
Иш-чараларга активдүү катышкандарга “Ыраазычылык кат” берилди.Ошондой эле Маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.
3-декабрь майыптыгы бар жарандардын күнүнө карата “Биз биргебиз” аталышындагы бир айлык акция жарыяланган.
Анара Мааметова