Аномалдуу суук аба ырайы жана башкы Токтогул суу сактагычынын абалы Кыргызстан боюнча электр энергиясына чектөөлөрдү киргизүүгө туура келди. Кочкор жергесинин эли ушул чектөөлөргө кандай көз карашта болду жана Кочкор райондук электр тармагын тейлөө ишканасынын иш аракети азыркы кандай болду экен?
Эң биринчиден эл арасында январь айында энергетикалык кризисти башынан өткөрүп жатканын баамдадык, ал үчүн көптөгөн электр авариялары, калк арасында ар кандай чектөөлөрдү киргизүүсү маалым болду. Бул чектөөлөргө айрым жарандар түшүнбөсө, көпчүлүгү туура көз карашта болушту.
Алардын арасында Кочкор айылынын Арабаев 44 көчөсүнүн тургуну Венера Жакыпова РЭСтин айрым чектөөлөрүнө түшүнүү менен кабыл алуусун мындай деп айтып берди: «Мындан бир жыл мурун биздин көчөнүн үйлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуп кетишкен. Башында көнбөй, ар кандай кыйынчылыктарга туш болдук. Көрсө биз электр энергиясын үнөмдөгөндү билбейт экенбиз, бардык жаңы нерсеге үйрөнсөк болот экен деп эми түшүнүп жатабыз. Эми болсо түшүнүү менен электр энергиясын үнөмдөгөндү үйрөнүп, өзүбүздүн өлкөбүзгө бир аз болсо дагы кошумубузду кошуп жатабыз деп эсептейбиз. Бирок акылдуу электр эсептегичтердин бир терс жагы бар экен бул чектелүү электр кубаттуулугу. Бир нече элетр шаймандарды күйгүзүп койсо автомат түрүндө электр эсептегич өчүп калат экен. Бул көйгөй менен Кочкор райондук электр тармагына арыз менен кайрылсак, дароо келип кубаттуулугун жогорулатып беришти. Акылдуу электр эсептегичтерди ар бир үйгө орнотулса ар бир жаран ойлойм электр энергиясын үнөмдөгөндү билип жана көп жылдан бери келе жаткан Токтогул суу сактагычындагы маселе балким чечилип калмак».
Нарын облусунда, анын ичинде Кочкор району тоолуу жана татаал климаттык шарттарда жайгашкандыгына байланыштуу 1000 кВт чектөө алынып, 1 кВт саат үчүн 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилет. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 700 кВт чейин 0,5 сомдон төлөйт. Коммерциялык тариф 2,52 сомду түзөт. Комбинаттар болсо 1 кВт саатына 5,04 сом төлөшөт. Бир жыл ичинде ар бир абоненттке 800 сом жеңилдик берилет экендигин Кочкор райондук электр тармагынын кызматкери билдирди. Ошондой эле, Кочкор району боюнча абоненттердин саны 13418 жана районго 770001,9 кВт бир жылда жагылары маалым болду.
Жалпы пайдаланган энергия кубаттуулугу 28 мВт саатына жетет. Ошондо абоненттердин 90 пайызы электр энергиясына 1 айда төккөн сумма 58583,9 миң сомду түзөт.Ал эми 10% төгүлбөй калган айлар да болот. Ошондо ал 47597,9 миллион сомду түзөт. Акылдуу электр эсептегичтер жалпы Кочкор айылы боюнча 970 абоненттерге коюлган.
Электр жарыгынын өчүрүлүшү тууралуу Кочкор райондук электр тармагы, жергиликтүү бийлик тарабынан Кочкор райондук администрациясынын башчысы аким Эрмекбай Омошев менен макулдашылып, Кочкор районунун айылдарынын электр жарыгын өчүрүү графиги түзүлүп, бир саатка жарык өчүрүлүп турганы боюнча калк маалымат алышты. Электр жарыгына байланыштуу кырсыктар боюнча кайрылуулар болсо, ыкчам топтор жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.
Январь айындагы катуу суук маалында Кочкор айылынын тургуну Аман Ташматов электр энергиясын көбүрөөк колдонгонун айтып кетти:
«Бул жылы кыш абдан суук болду, былтыркы кышка караганда. Үйдө жаш бала бар болгон үчүн күнү-түнү электр жылыткычтарды колдонууга туура келди. Декабрь айында электр энергиясына 1айга 600 сом төксөм, январь айында эки эсе акча төлөп калам го деп жатам. Электр жарыкты маал-маалы менен өчүп жатканына түшүнүү менен карайбыз, буюрса күн жылып калса мындай чектөөлөр токтойт деген үмүттөбүз».
16.01.2023 жылы Кыргызстанда электр жабдууларды сактап калуу үчүн өчүрүүлөр боюнча чечим кабыл алынган. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков билдирген.
Анын айтымында, ар бир энергетикалык жабдуулардын техникалык нормасы болуп, ага жараша иштерин билдирген. Мындай кадамга баруу электр энергияны жөнгө салуу максатында жана жабдууларды сактап калуу болду. Электр энергиянын керектөөсү азайган сайын өчүрүлөр алыстап, жөнгө салуу иш-чараларды дагы токтото баштарын билдирди.
Нурия Карымбаева