Токтогул шаарында электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана жаңы конуштарды электр тармагына кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер шаардык мэрия тарабынан атайын долбоордун алкагында ишке ашырылууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, шаардын бир катар көчөлөрүндө жана жаңы конуштарында электр чубалгылары тартылып, заманбап бетон мамычалар орнотулду.
Тактап айтканда, Үзөке ата көчөсүнө 26, Асыран көчөсүнө 27, Бузурман көчөсүнө 11 бетон мамыча коюлган. Жалпысынан 1 чакырым 965 метр аралыкка 64 бетон мамыча орнотулуп, 8 миң метр электр зымы тартылды.

Мындан тышкары, Корма цех участогуна 12 бетон мамыча орнотулуп, кубаттуулугу 160 кВА болгон жаңы трансформатор ишке берилди. Бул аймактагы тургундарды электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.
Ал эми Төө-Карын участогуна 10 бетон мамыча орнотулуп, Корма цех участогунан алынган мурдагы электр зымдары кайрадан тартылды.
Ошондой эле РЭС тарабынан дагы 7 эски бетон мамычаны орнотуу пландалып, учурда бул иштерди аткарууга даярдык көрүлүүдө.




Белгилей кетсек, электр тармактарын жаңылоо иштери жергиликтүү бюджеттин, атайын эсептин жана шаар тургундарынын жеке салымдарынын эсебинен каржыланууда.

Даярдаган: Азема Сабырбекова